Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

НАТО Түркияга аскердик жардам көргөзүү маселесин талкуулап жатат


НАТОнун коргонууну пландоо комитетинин жекшемби күнкү жыйынына уюмдун 19 мүчөсүнүн 18си катышууда.Себеби ,Франция аталган комитетке кирбейт.Уюмдун үч мүчөсү:Франция, Бельгия, Германия өткөн аптада Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу Түркиянын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жөнүндөгү АКШнын планына каршы чыккандан кийин НАТО олуттуу кризиске туш болгон эле.Жогорудагы үч өлкө Түркияга аскердик жардам көргөзүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышы Ирак чатагын дипломатиялык жол менен жөндөө аракеттерине тоскоолдук кылат деп эсептейт.Бельгиянын премьер- министри Ги Верхофстадттын билдиргенине караганда,эгер НАТОнун мүчөлөрү ич ара Түркияга жардам берүү согушка даярдык эмес деген жыйынтыкка келе алса вето койгон өлкөлөр АКШнын планын колдошу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG