Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Дүйнө коомчулугу Ирак маселесинин тынчтык жолу менен чечилишин жактоодо


Кыяс Молдокасымов,Прага. Ирак маселесине карата Бириккен Улуттар Уюмунунун Коопсуздук Кеңешинин соңку жыйынында эч кандай чечим кабыл алынбашы, дүйнө коомчулугунун жандануусун жаратты. Саясатчылардын тынчтыкты сактоого карата чечкинсиз аракеттерине ичи чыкпаган дүйнөлүк коомчулук согушту болтурбоо талаптары менен көчөгө чыгышып, кеңири масштабдагы акцияларды баштады. 15- февралда башталган элдик нааразычылыктар дүйнөнүн булуң-бучтарында бүгүн да уланууда. Адистердин айтуусуна караганда согушка каршы мындай ири нааразычылык акциялар Ветнам согушунан бери жер жүзүндө болгон эмес.

Дүйнө коомчулугу 3 күндөн бери Иракка каршы согушту болтурбоо үчүн кеңири масштабдагы нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Көрсө, мындай кеңири аймакты, элди камтыган нааразычылык Ветнам согушунан бери, тактап айтканда соңку 30 жыл аралыгында болбоптур.
“Сиз эмнени каалайсыз? Тынчтыкты! Сиз аны качан каалайсыз? Азыр! Сиз эмнени каалайсыз? Тынчтыкты! Сиз аны качан каалайсыз? Азыр!” Мына ушундай талаптар менен 14-февралдан тартып, дүйнөнүн 60 тан ашуун өлкөсүндө 10 млндун тегерегиндеги эл көчөгө чыгышты. Анын эң ирилери 15-февралда Англияда, Италияда, ал түгүл Американын өзүндө болуп өттү. Лондондо болгон жыйынга, анын катышуучулары 2 млнго чукул адам чогулганын айтышса, шаар полициясы ага 750 миңдей адам катышканын билдирди. Согушка каршы акцияга Лондондун мэри Кен Ливингстон баштаган аттуу-баштуу көптөгөн саясатчылар кошо катышып, Ирак маселесин согуш жолу менен чечүүнү көксөгөн саясатчыларды, мамлекет башчыларын чучугуна жеткире сындады. Ушундай эле көрүнүштөгү массалык акциялар Рим, Ньюйорк, Москва, Париж, Берлин, Токио жана башка шаарларда болуп өттү. Римдин өзүндө эле бир миллионго чукул адам чогулганы маалымдалууда. Ал эми Түркиянын көптөгөн шаарларында шаар тургундары түн ичинде жапырт үй жарыктарын өчүрүшүп, Ирак элине тилектештигин билдиришкен.
Мына ушундай акциялар 16 - февралда да дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, шаарларында болуп өттү. 200 миңден ашуун адам бул күнү Автралиянын бир эле Сидней шаарында чыгышкан. Бирок, Австралиянын ондогон шаарларында өткөн элдин нааразычылыктары менен өлкө бийлиги эсептешкиси келбей, каймана түрдө гана жооп берип койду. АКШ өкмөтүнүн Иракка карата үстөмчүл саясатын колдоп келген Австралиянын Премьер-министри Джон Хуард, өтүп жаткан элдик нааразычылыктар жалпы өлкө коомчулугунун пикирин билдире албастыгын кесе айтты.
Ошентип, жалпы дүйнө коомчулугу Иракка карата АКШ бийлигинин саясатын айыптап жатышат. Бул дүйнө коомчулугунун согуш коркунучун алдын-алууга жасаган соңку аракети. Анткени келээрки жумада АКШ Перси булуңуна кошумча аскер күчүн жиберип, ал жерге 150 миңден ашуун жоокерди топтоону көздөп жатат. Көпчүлүк адистердин эсептөөсүнө караганда мындай сандагы аскер менен Америка Иракка басып кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми дүйнө коомчулугунун учурдагы нааразычылык акциялары АКШ өкмөтүнө канчалык таасир эте алат, азырынча айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG