Асел Турдалиева эстрада жанрына эрте аралашты. Ал туулуп-өскөн Нарын шаарында 80-жылдары «Гүлдесте» аттуу эстрадалык топ бар эле. Ал мектепте 5-класста окуп жүргөндө эле «Гүлдесте» эстрадалык тобунун коштоосунда орус тилиндеги «Барабан», «Чоң энемдикинде жашаймын» атуу ырларды жана Жумамүдүн Шералиевдин «Пахтам» аттуу балдар үчүн жазылган ырын ырдап чыккан. Ошол учурда Карлыгач Табалдиева жетектеген «Алтын балалык» бий ансамблинин солисткасы да болгон. Кичинекейинен искусствого аралашкан Асел Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, Ташкендеги Островский атындагы театралдык институтту бүтүргөн. Чыгармачылык чыйырын Бишкектеги республикалык куурчак театрынан баштап, алгач «Учкуч кумурска» аттуу спектаклди сахналаштырат. Бала кездеги эстрадага болгон кызыгуусу жан-дүйнөсүн козгоп, эстрада жанрына өтөт. Алгачкы профессионалдык сахнага ырдап чыкканын Асел Турдалиева мындайча эскерди:
- 1993-жылы «Мыскыл жана тамаша» аттуу телевизиондук конкурс болуп, мен обончу Бек Борбиевдин «Жаз жамгыры» аттуу ырын ырдап чыккам. Көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алышты. Мына ошондон кийин эстрада жанрында чыгармачылык менен алп урушуп келем.
Асел Турдалиева он жыл аралыгында көптөгөн кыргыз композиторлорунун, обончуларынын ырларын ырдап чыкты.
- Асел Турдалиева башка ырчыларга караганда өзүн сахнада ийкемдүү алып жүрөт. Ар бир ырдын маанисине жараша кыймыл-аракеттин түзүлүшүн драмалуу кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Музыканын кайрыктарына кооз боекторду кошуп уккулуктуу аткарат. Дагы бир өзгөчөлүгү - иштермандыгы. Жаңы ырды тез үйрөнүп, ошого жараша сахнада жүрүүнүн кыймыл-аракетин ойлонуштурат, - деп обончу Жалил Сыдыков чын дилинен ырчынын иштермандыгына сыймыктанды.
Асел Турдалиева актердук жөндөмүн драмалык жанрда көрсөтпөй келет. Өзүнүн кесиби театр актеру болгондон кийин спектаклдерде ойнобосо, жөндөмдүүлүгүн жоготуп коеру анык. “Актердук кесипти унутта калтырган жоксузбу?” деген суроомо:
- Сахнада үч минута ырдап жатканда да актердук жөндөмдүүлүктү пайдаланам. Анткени актерлукту ар түрдүү жанрда пайдаланууга болот. Азыркы учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда актерлого жана эстрада ырчыларына сахна кыймылы боюнча сабак берип жатам. Сахнада жүрүүнүн этикасын аларга үйрөтүү менен, өзүм да жаңы нерселерге үйрөнүүгө аракет кылам, - деп жайдары жооп берди. Ал эми ыр ышкыбозу Кундуз Макеева “Асел Турдалиева ырдоо ыкмасы, сахнада жеңил жана жайдары жүргөнү менен көрөрмандарды өзүнө тартып алат” – деген оюн айтты.
- Акыркы он жыл аралыгында кыргыз эстрадасында бир топ өсүү болду. Эгерде Билим жана маданият министрлиги таланттуу жаштарга материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөтсө мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлмөк. XXI кылымда жашап жатканыбызды унутпасак. Азыр компьютер, музыкалык аппаратуралардын жаңы үлгүлөрү чыгып атпайбы. Кыргызстанга да жаңы үлгүдөгү музыкалык техника келсе, албетте, кыргыз эстрадасы башка мамлекеттин өнөрпоздору менен ат салышат, - деп Асел Турдалиева кыргыз эстрадасынын келечегине ишенээрин билгизди.
Ушу тапта белгилүү эстрада ырчысы Асел Турдалиева театрлаштырылган эстрадалык концерттин үстүндө иштөөдө. Чыгармачылык ак жол сага Асел!