Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Ратбек Мамбетов жана 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси, эл аралык спорт чебери Данияр Көбөнов менен маек.

Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып, дүйнөлүк чемпиондорду жеңген, 14 -Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн Түштүк Кореяда күмүш медаль уткан Данияр Көбөнов Пусанда калыстардын Түштүк Кореялык балбанга тартып койгондуктан алтын байгеге жетпей арманда калган. Данияр атаандашынын далысын килемге таза тийгизсе да калыстар көрмөксөн болуп, бир упай берип, жооткотуп коюшкан.

Ошол Пусандагы таймашта жанында өзүнүн устаты болбогонун өкүнүү менен эскерет. Даниярга күрөш сырын үйрөтүп, чоң спортттун эшигин ачкан машыктыруучусу Ратбек Мамбетов ар дайым четте калып жүрөт. «Жоону сайса Алмамбет, Чубак сайды, аты калды Манаска» дегендей, Данияр Көбөновдун багын ачып, талпынтып таптаган Ратбек унутулуп калып, бардык урмат-сыйды грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучу Эмил Алыкулов көрүп келүүдө.

Пусанда жеңишке жетишкендерге Кыргыз Республикасынын өкмөтү акчалай сыйлык тапшырганда деле Эмил Даниярдын устаты катары, сый-урматка бөлөнгөн. Кийин, өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган спорттук майрамда да Эмил Алыкулов жылдын мыкты машыктыруучусу деп аталып, Ратбек Мамбетов дале четте кала берди. Даңазалуу балбан, келечегинен көптү үмүткер кылган Данияр Көбөновдун устаты Эмил Алыкулов сыяктанып, түрдүү пикир айтылып жүрөт. Бул жөнүндө Даниярдын машыктыруучусу Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Ратбек Мамбетов мындай дейт:

- Данияр менен 1996-жылдан бери иштеп келе жатам. Ошол мезгилде мен Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына жаңыдан жумушка киргем. Бул жигиттин өжөрлүгү, эмгекчилдиги, жоопкерчилиги жагып калды. Бардык мелдештерде биринчи болгонго, утканга умтулганы, дилгирдиги көңүлгө толду. Эң негизгиси - 1998-жылы Москвада өткөн балдардын бүткүл дүйнөлүк оюндарында катышып, чоң ийгилик жаратып, коло байге алып келди. Пусанга Даниярды өзүм даярдадым. Элдин баары Эмил Алыкулов машыктырат деп ойлоп жүрүшөт.

- Данияр чоң ийгиликтерге жетишүү үчүн кандай аракеттер керек. Канткенде көздөгөн чоң максаттардын өтөсүнө чыга аласыздар?

- Эл аралык күрөш борборлоруна, мисалы Белоруссиядагы «Стайко» борборуна жылына 2-3 ирет барып, орусиялык, белорусиялык балбандар менен бирге машыгып, өзүнүн күч-кубатын сынап текшерип, тажрыйба топтоосу зарыл. Кыргызстандан тышкары чет өлкөлөрдөгү чоң эл аралык гран-при мелдештерине, Азия, Дүйнө чемпионаттарына катышып туруусу керек. Тажрыйба топтоп, Афины олимпиадасына жолдомо берилчү Франциядагы Дүйнө чемпионатында ийгиликке жетүүгө аракеттенип жатабыз.

Данияр Көбөновду өзүнүн устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Ратбек Мамбетов машыктырып жүрөт. Кыргыз элинде даңк, ырысты көтөрө билгендер гана ийгиликке жетээрин, калыс болоорун айтышат. Атак-даңкка жетсе да дардаңдап көөп кетпеген Данияр Көбөнов алдыдагы максаттары жөнүндө мындай деди:

- Алдыдагы максаттардын бири - Францияда күзүндө өтчү Дүйнө чемпионатында Афины олимпиадасына жолдомо жеңип алалы деп күч-аракеттерди жумшап жатабыз. Эгер олимпиадага катышып калсам, кыргыз туусун бийик көтөрүп, намысын колдон чыгарбай жеңишке жетишүү.

- Спорттон сыткары эмнеге кызыгасың?

- Мурда спорттон башкага кызыкчу эмесмин. Кийинки убакта бош убактымда китеп окуганды жактырып, китепкөй болуп кеттим.

- Пусанда дүйнө чемпиону Микоян Манукянды, Азия чемпиону Ирандык балбанды утканда өзүңө болгон ишеним пайда болдубу?

- Чынында дүйнө чемпиону, Азия чемпиондорун, мыкты деген балбандарды жеңип алам деген деле ишеним жок эле. Килем үстүндө толкунданбай кадимкидей күрөшүп аларды оңой эле артыкчылык менен утуп алдым. Ошентип кантип финалга чыгып калганымды деле билбей калыптырмын, кыязы Кудай колдоп жолум ачылды окшойт. Эң негизгиси - толкунданбай өзүңө ишенсең, кыргыз элинин намысын ойлосоң, анан атаандаштын каталыктарын туура пайдалана билсең, жеңишке сөзсүз жетет экенсиң.

-Эми чемпион күч-кубатка, каруу-күчкө толуу үчүн кандай тамак-аштарды пайдаланат болду экен?

- Мелдешке чейин организмге күч-кубат берчү, бат аш болумдуу тамак-ашты ылгабай иче берем. Айрыкча натуралдык ширелерди жактырам. Ал эми сүйгөн тамагым - манты, - дейт XIV Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов.

Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештерде коргоп жүргөн Данияр Көбөновго «эл аралык спорт чебери» деген наам ыйгарылды.

Анын өткөн жылдагы ийгиликтери жогору бааланып, Кыргызстандын грек-рим күрөшү федерациясы «жылдын мыкты балбаны» деп атады. Он мыкты спортчунун бири катары Данияр урмат-сыйга арзыды. Иниси да анын жолун жолдоп, грек-рим күрөшү менен машыгууда.

Өкүнүчтүү жагдай - Данияр Көбөнов баш болгон грек-рим күрөшүнүн балбандары эки айдан бери стипендияларын алыша элек. Ошентсе да алар машыгууларды үзгүлтүккө учураткан жок. Бул намыскөй жигиттерди сүрөөнгө алуучу демөөрчүлөр да табыла элек.

Жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия чемпиону, Пусанда өткөн XIV Азия оюндарынын коло байге ээси Уран Калилов да эки айдан бери стипендия албай же машыгууга шарт түзүлбөй кыйналып турганын өкүнүү менен билдирди. Урандын атасы жана устаты Жусуп Калиловго жакында «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наам ыйгарылды. Жусуп агай да уулу Уранды эл намысы үчүн таптап, мөөрөй алып жүрөт.

Грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын курама командасы жыл башталгандан бери бир да эл аралык мелдештерге бара элек. Быйылкы жылкы Гран-при мелдештеринде, Дүйнө чемпионатында жеңүүчүлөргө Афины олимпиадасына катышууга укук берилет. Ошондуктан балбандарга жакшы шарт түзүп, камкордукка алса гана олимпиадага жолдомо жеңип алууга мүмкүндүк болмокчу.

Март айынын башында Ташкенде грек-рим күрөшү боюнча Өзбекстандын эгемендүүлүк кубогуна арналган Гран-при мелдеши болот.

Буга Кыргызстандан Данияр Көбөнов, Уран Калилов, жаштар арасында Азия чемпиондору Канат Бегалиев, Жанарбек Кенжеев ж.б. балбандар барууга ниет кылышууда. Эки айдан бери стипендия албай, сары чай менен машыгуу өткөргөн, жазында көк жашык болгон балбандардын кендирин каражат маселеси кесип турган кербези. Кыргыз элине намыс керек, алтын-күмүш медаль керек, бирок ошол намысты коргоочу эр-азаматтарга да көңүл буруп, шарт түзүү зарыл.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG