БИШКЕК. 19-февралда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовдун «Рухнаама» аттуу китебинин бет ачаар аземи болот. Аны Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабиров жана «Кыргызстан-Түркмөнстан» достук коому уюштурушууда. «Түркмөндөрдүн нравалык кодекси» деп аталган бул китептин бет ачаар аземине Түркмөнстандын Өзбекстандагы элчиси жана кыргыз бийлигинин өкүлдөрү катышмакчы. Бул тууралуу дүйшөмбүдө депутат Алишер Сабировдун жардамчысы маалымдады.