Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Түркия өлкө аймагында АКШнын аскерлерин жайгаштыруудан мурда анын шарттарын макулдашууну каалайт


Түркиянын аймагында америкалык аскерлерди жайгаштыруунун шарттарын макулдашылганга чейин өлкө парламенти бул маселени жактаары күмөндүү. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү түрк премьер-министри Абдулла Гүл билдирди. Анын айтымында, алды менен Түркиянын жана АКШнын өкмөттөрү америкалык жоокерлерди жайгаштыруунун саясий, экономикалык жана аскерий өңүтүнө тиешелүү маселелерди макулдашышы керек. Түркиянын тышкы иштер министри Йасар Йакистин түшүндүрмөсүнө караганда, Анкара үчүн ыктымал согуштун Түркияга тийүүчү экономикалык кесепеттери компенсацияланары кепилденген макулдашуу зарыл. НАТО уюмунун коргонууну пландоо комитетине кирген 18 өлкө Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу Түркияга жардам берүү маселеси боюнча ич ара мунасага жетише алды. Түркиянын премьер- министри Абдулла Гүл дүйшөмбүдө Брюсселге келген учурунда НАТОго мындай чечими үчүн ыраазылык билдирди.

XS
SM
MD
LG