БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү өз токтому менен «Консулдук жыйымдар жөнүндөгү» жобого өзгөртүү киргизип, консулдук кызмат көрсөтүү жыйымын «консулдук» жана «факты жүзүндөгү» деп экиге бөлдү. Бул тууралуу 18-февралда өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат башкармалык башчысынын милдетин аткаруучу Эрик Бейшембиев билдирди. Анын маалыматына караганда, факт жүзүндөгү жыйым консулдук кызмат көрсөтүү жыйымындай эле бир жолу жыйналып, ал консулдук кызмат көрсөтүүгө, тактап айтканда, почта, телеграф, телефон, унаа үчүн сарпталган жана кагаз, калемсап сатып алууга кеткен материалдык чыгымдарды жабууга жумшалат.