Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат башчысынын милдетин аткаруучу Эрик Бейшембиевдин маалыматына караганда, Сауд Арабиясына бараткан ажылык сапарынын учурунда набыт болгон төрт жарандын бирөө аял. Ал февралдын башындагы жол кырсыгынан көз жумган. Ал кырсык Ирактын чек арасына чукул, Жидда шаарынан бир жарым миң чакырым аралыкта болгон. Кырсыкка учураган автоунаадагы тогуз адамдын бири зыян болуп, калгандарынын өмүрүнө олуттуу коркунуч келген эмес.
Калган үч жаран ар кандай жагдайларда ар кайсы учурда набыт болушкан. Анын жөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эрик Бейшембиев мындайча түшүндүрдү:
- Жол-транспорт кырсыгынан бир гана аял өлгөн. Калгандары ар кайсы күндөрү, ар кандай себептерге байланыштуу набыт болушкан. Себеби, эл абдан көп, эки-үч миллион зыяратчы бир жерге чогулганда аларга абдан эле оор болот. Мындай учурлар жылына кайталанып турат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ажылык сапарында набыт болгон бул төрт адам улгайган жаштагылар.
- Ажылык сапар мезгилинде болгон мындай кырсыктар зыяратчылар тарабынан жакшы жөрөлгө катары кабылданат. Анткени, салт боюнча, эгер адам ажылык учурунда көз жумса, ал дароо бейишке чыгат деп коюшат. Ошондуктан, аларды жанында жүргөн жакындарынын макулдугу менен жергиликтүү мүрзөлөргө көөмп коюшат. Бейшембиевдин айтымында, кыргызстандык жарандар да ушул салтка ылайык туугандарынын макулдугу менен көз жумган жайларында жерге берилген.
Кыргызстандык бир жарандын 3-февралда болгон жол кырсыгынан көз жумгандыгы тууралуу тараган алгачкы маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов 6-февралда жокко чыгарган. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү шейшембидеги маалымат жыйынында Диний башкармалык тарабынан маалыматтын жаап-жашырылышын ушул уюмдун өз абийириндеги иш катары баалады.
- Биз диний башкармалыкка башкалар сыяктуу эле кайрылып, тескери жооп алганбыз. Мен билдирүүгө түшүндүрмө бере албайм, анткени бул ошол уюмдун абийириндеги иш.
Ушул эле күнү Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов, өз билдирүүсүн коомчулукка зыяратчылар менен бирге жүргөн диний башкармалыктын өкүлдөрүнүн маалыматтарына таянып жарыялаганын маалымдады.
- Ошол учурда мага Тышкы иштер министрлиги эле эмес, Кыргызстан боюнча көптөгөн адамдар кайрылышкан. Мен телеберүүдөн, «Азаттыктан» айтпадымбы, бирок, мен ошолордун (зыяратчыларды жандап жүргөн өкүлдөрдүн-авт.) маалыматына таянып айткамын. Андан бери алар менен көп деле байланыша элекмин. Себеби, Курман айт башталып, бардыгы Мекеден чыгып кетишти да. Телефону жок, адыр-талааларда болуп калышты. Эми, алар сапардан келгенден кийин окуянын анык-чындыгын тастыктап билебиз.
Муфтий ошондой эле Меккеге сапарда набыт болуу кайталанып турган кадыресе көрүнүш экенин белгиледи.
Эгемендүү Кыргызстандын мусулмандары Мекке массалык түрдө барып зыярат кылууну токсонунчу жылдардын ортосунда башташкан. Ошондон бери жылына кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын жана Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын көмөгү менен миңдеген мусулмандар чамасына жараша автоунаа жана учак менен Сауд Арабиясына үзгүлтүксүз каттап келишет. Алардын ичинен өткөн аралыкта канча жаран сапардан кайтпай калганы тууралуу так маалымат жок. Бирок, айрым байкоочулар өткөн жылдардын биринде да мынчалык санда набыт болгондор катталбаганын белгилешүүдө. Диний башкармалыктын маалыматына караганда, быйыл Меккеге кеткен зыяратчылардын саны 2700гө жеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.