Бүгүн Израиль армиясынын Газа секторунда 40тай танк менен аскерий учактардын коштоосунда өткөн рейди учурунда 10 палестин окко учуп өлдү. Дагы бир палестин Израиль танкынын алдында өзүн-өзү жардырып жиберип, жан берди. Израиль армиясы бу жолку катаал операция өткөн дем алыш күндөрү 4 жөөт аскеринин өлүмүнө алып келген жардыруудан улам уюшулганын айтат. Ал күнкү бомба жардыруусу үчүн жоопкерчиликти Хамас уюму өзүнө алган. Палестин тарап өткөн түнү жөөт аскерлери эки темир дүкөндү жана бир үйдү талкалаганын кабарлайт. Тель-Авив шаршембиде палестиналыктар Израилдин түштүгүндөгү Средот кыштагына ракеталык чабуул койгонун, андан бир жергиликтүү тургун жараат алганын маалымдады.