БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ПРОБЛЕМАЛАРЫ: ОЙЛОР, ПИКИРЛЕР, СУНУШТАР
Кыргызстанда билим берүү тууралуу жаңы мыйзам парламентте кабылданды. Ага ылайык акысыз орто билим берүү кепилдигин мамлекет өзүнө алат, билим алуунун башка жолуна тыюу салынбайт. «Азаттыктын» «тегерек үстөл» маегинде билим берүүнүн жаңы мыйзамына ылайык тармакта жүрчү реформа жайында кеп болот. Талкууга республиканын билим жана маданият министри профессор Ишенгүл Болжурова, Ишеналы Арабаев атындагы педагогика университетинин ректору Аблабек Асанканов, Кыргызстандын дене тарбия институтунун ректору Абакир Мамытов катышууда.