Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

БАКУДА КАНДАЙ КЕП БОЛДУ?


Аманбек Дилдеңбай, Бишкек Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раев менен маек.

«Түрксой» уюму түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий байланышты чыңдоону. Ага Орусия, Татарстан, Хакасия, Тува, Азербайжан, Башкыртстан, Гагауз республикалары, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Түркия мамлекеттери мүчө болуп кирген. Анын жетекчиси - азербайжандык белгилүү ырчы Пулат Булбул оглы. Жакында билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раев Азербайжандын борбор калаасы Бакуда өткөн, «Түрксой» уюму уюштурган Түрк мамлекеттеринин маданият министрлеринин XIX жыйынына барып келди.

- Бакуда «Түрксой» уюштурган жыйында жакшы окуя болду. Анткени бул уюм ЮНЕСКО тарабынан өзүнчө түрк тилдүү элдердин маданий уюму катарында кабыл алынды, - дейт С. Раев. – Экинчиден, ушул жылы Баку шаарында түрк тилдүү элдердин маданият фестивалын өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Үчүнчүдөн, келерки жылы Хакасияда XX жыйыныбызды өткөрүү тууралуу чечим алдык.

- Султан мырза, ошол жыйында Кыргызстандын маданияты тууралуу маселе козгой алдыңызбы?

- Мен Бишкекте мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесин өткөрүү тууралуу маселени койдум. Жыйында атайын талкуу жүрүп, маараке өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылына карата конкреттүү кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

- «Алтайдан Таласка чейин» деген долбоорду сунуш кылдык. Бул долбоор Хакасиянын Маданият министрлиги менен Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Муну Алтай, Тува, Хакас республикалары менен Кыргызстан биргелешип ишке ашырабыз. Ал адегенде Хакасияда башталат. Себеби Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү ошол жерден башталган деген божомол бар. Ал жерде атайын илимий эл аралык конференция өткөрүлөт. Экинчиден, ошол эле долбоордун тутумунда Алтайда Манасчылардын бүткүл дүйнөлүк фестивалы уюштурулат. Жыйынтыгында Кыргызстанда май айында эл аралык театр фестивалы өткөрүлүп, аны таластагы «Манас Ордо» этнографиялык-маданий комплексинде Түрк тилдүү элдерден келген меймандар үчүн майрамдык салтанат менен аяктайбыз.

- Султан мырза, «Алтайдан Таласка чейин» аттуу долбоорду ишке ашырыш үчүн эбегейсиз көп каражат кетээри бышык. Ошону кыргыз мамлекети көтөрө алаар бекен?

- Алтай, Хакас, Тува жерлеринде өткөн иш-чаралардын чыгымын ошол өткөрүп жаткан тарап кошо көтөрөт. Ал эми биздин республикада өтүүчү эл аралык театр фестивалынын, «Манас Ордосунда» өтүүчү салтанаттардын чыгымын кыргыз өкмөтү каржылайт.
XS
SM
MD
LG