Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

ФУНДАМЕНТАЛИСТТЕР БАРДЫК ДИНДЕ ОКШОШ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Ислам окуусуна ылайык, мусулмандар, тарсалар (христиандар) жана еврейлер баары тең Ибраим пайгамбардын же Абраамдын балдары. Дин таануучулардын ырасташынча, бул үч дин байыркы еврейлердин диний санжыра-баяндарына негизделген. Бирок азыркы диниятчылардын өз динин гана туура таап, башка диндегилерге текебер мамиле жасашын кантип түшүнүүгө болот?

Америкалык тарсалардын (христиандардын) таанымал ибаратчысы Жерри Фолуэлл жакында мусулман дүйнөсүн толкуткан бир шоокумга себепчи болду. Диниятчы америкалык телеканалдардын бирине бирген интервьюда түрдүү диндердеги, анын ичинде ыйманы мусулман авторлордун эмгектеринен шилтемелерди окуп, алардын негизинде Мухаммед пайгамбар “тополоңчул жана согушчул адам болгон”, “Мухаммед террорчу болгон” деп тыянак кылды.

Тарса ибаратчысынын сөзү ислам дүйнөсүн бир толкутуп алды. Ирандык бир диниятчы Фолуэллди өлүм жазасына тартууга чакырды. Индиянын Бомбей шаарында өткөн толкундоодо беш адам набыт болду.

Ж. Фолуэлл өз катачылыгын мойнуна алып, кечирим сурагандан кийин кээ бир мусулман лидерлери тарса диниятчысын кечиришип, андан соң гана чатак басылгансыды. Бирок, Кошмо Штаттардагы "Christian right" тобу саясый жактан тирикарак протестант-тарсалардын көз карашын ачык айтып, өчөйүн деген “чокту” дагы үйлөдү.

Таанымал евангелист Билли Грэмдин уулу жана мурасчысы Франклин исламды “зыяндуу жана бузуку дин” деп атады. Ал эми АКШнын Президенти Ж. Буш менен ымалаш деп саналган ишмер, тарсалар коалициясынын негиздөөчүсү Пэт Робертсон “менин оюмча, исламды тынчтыктын дини деш мытайымдык” деп айтып, нечендеген замандаштарынын нааразылыгына кабылды.
Айрым ислам идеологдору да, атап айтканда, Сауд Арабиялык вахабийлер жана Ооган талибдеринин мурдакы көсөмдөрү башка диндерди жерге чаап, элдердин жаатташуусун күчөтүүгө өз салымдарын кошкон.

Америкалык беделдүү илимпоз Жон Эспозитонун айтышынча, канча дебейли, түрдүү диндердеги фундаменталисттердин көз карашы окшош жана алар биздин гана сөзүбүз туура деген бекем ишеничте:



- Менин оюмча, баарын салыштырып көргөн жөндүү. Эгерде биз маселеге сүңгүй карасак, азыркы ислам фундаменталисттери, тарса фундаменталисттери жана еврей фундаменталисттери дегендердин баарысынын көз карашы өз элинин салтына байланышканын, өтө консервативдүү, диндин нукура тазалыгын жакташканын көрөбүз. Алар тегиз эле: “Менин айтканым туура, менин сөзүм ак болгондон кийин, калган элдики натуура” деген көз карашта.

АКШдагы тарса фундаменталисттердин ордосу эсептелген Боб Жонс атындагы университеттин профессору, көптөгөн китептердин автору Дэвид Биилдин айтымында:

- Идеалдаштырып айтканда, тарса фундаменталисттер адамдарды сүйүп, аларга мээрман болууга умтулушкан жана “Библияны” абсолютташтырып коргошот. Алар “Библияда” эч бир кемчилиги жок жана Кудайдын бирден бир сөзү деп эсептешет жана ушул доктринаны жакташып, аны ыйык тутушат.

Фундаменталисттердин өз динине жан дили менен берилгендиги - алардын башка диндерди текебердик менен баалоосунун, чануусунун жана жек көрүүсүнүн башкы шыкагы.

Фундаменталисттик көз караштагы бардык адамдарды экстремист же согушчул деш жаңылыштык. Лекин, алар коркунучтуу дейт АКШдагы Жоржтаун университетинин мусулман жана тарсаларды изилдөө борборунун түптөөчүсү жана учурдагы мүдүрү Жон Эспозито. Анткени, диний фундаменталисттер өздөрүнүкүнөн бөлөк көз карашка жол беришпеген антиплюралисттер. Алардын бир жааты байистуу жана оңду-солду баамдаган билимдүү адамдар болсо да, башка бирөөлөрү алардын идеяларын өз ыңгайына ылайык өркүндөтүп, - Эспозитонун сөзү менен айтканда, - “жек көрүүчүлүктүн диний окуусуна” айлантып жиберишет.
XS
SM
MD
LG