Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Израил аскерлери менен кагылышууда түндө дагы эки палестин курман болду


Израил аскерлери бүгүн Газа тилкесинде эки палестинди атып өлтүрдү. Аскер жетекчилигинин айтымында, алардын бири - Эрез чек ара түйүнүндөгү аскерлерге каршы граната ыргыткан. Экинчи палестин болсо, Газа тилкесиндеги Дугит аттуу жөөт айылына түн жамынып жашыруун кирейин дегенде өлтүрүлгөн. Мындан бир апта мурда "Хамас" уюмунун жоокерлери израилдик танкты жардырып, төрт адамды өлтүргөндөн кийин, жөөт аскерлери Газа тилкесинде атайын аскерий операция өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG