Шериктештикке кирген мамлекеттердин аймагында экономикалык карым-катнашты жандандыруу үчүн «бирдиктүү экономикалык мейкиндигин» түзүү жөнүндө КМШ мүчөлөрү буга чейин деле көп жолу макулдашышкан. Максаттын алдын алган келишимдер бажы кызматтарынын ишин жөнгө салуу ниетинде атайын Кеңештин милдеттеринде да каралган эле. Анткени бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин толугу менен ишке кирүүсү бажы кызматтарында да бирдей эрежелердин киргизилүүсүн талап кылат. Бул эле эмес, миграциялык кызматтарда да бирдей шарттар түзүлүп, өлкөлөр атуулдары биринен экинчисине эркин өтүүгө мүмкүнчүлүк алууга укутуу болушат.
Айрым экономикалык эксперттердин баамында, Орусия, Беларус, Казакстан жана Украина президенттеринин бирдиктүү экономикалык мейкиндигин түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкандыгы жогоруда айтылган тартиптерди да аткарууга даяр экендиктеринен кабар берет.
Леонид Кучма: Биз, төрт мамлекет башчылары, биздин элдердин социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү аракетинде, экономикалык интеграциянын мезгили келгендигин билдиребиз, жана бирдиктүү экономикалык мейкиндигин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайбыз. Биз бүгүн дүйнөдө эмне болуп жаткандыгын жакшы билебиз. Андыктан, бул кадам, кайсыл бир деңгээлде, биздин ага карата жообубуз катарында каралуусу керек – деп жумурияттар жетекчиликтери тарабынан сүйлөгөн Украина президенти Леонид Кучма сүйлөшүүлөр жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында макулдашылган экономикалык саясаттын негизинде келишимдин кабыл алына тургандыгын айтты. Мейкиндиктин ишин көзөмөлгө алуу биргеликте жарала турган жогорку деңгээлдеги көз карандысыз топко ыйгарылат.
Өздөрүнүн экономикалык турмушун жакындатууну туура көрүшкөн төрт мамлекетте бүгүн 219млн. калк жашайт жана ар бир өлкөдө акыркы жылдарда экономикалык алга жылуулар байкалган. Беларус президенти Александр Лукашенконун айтымында, көптөгөн жылдар бою жакшы калыптанган жалпы рынок салтын бузбай, анын толук өнүгүүсү үчүн ич ара толук эркиндикти берүү абзел:
Биз өзүбүздүн эл, жерибиз жана мамлекеттерибизден башка эч кимге керегибиз жок экенин түшүнөбүз. Ошондуктан өзүбүздүн рынокту коргоо үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз – дейт Белорусия жумуриятынын башчысы Александр Лукашенко.
Ал эми Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин оюнда, эгерде эркин көз караштагы комиссия бул ишти колго албаса, жумшалган аракеттерден эч кандай майнап чыкпайт:
Биз кабыл алган бул келишим КМШ тибиндеги жаңы уюм түзүлөт дегендикке жатпайт. Жөн гана сентябрь айына карата комиссия келишимди иштеп чыгат, андан кийин бул демилгенин канчалык деңгээлде пайдалуу экендиги тууралуу билип, башка өлкөлөр да кошулуусу мүмкүн. Биз уюм тахырында биринчи жолу чечимди кабыл алууну үстүнөн, саясаттан эмес, анын пайдубалынан баштап олтурабыз.
Бирдиктүү экономикалык мейкиндик келишимге кирген мамлекеттердин экономикасына кандай таасир тийгизе тургандыгы учурда орусиялык маалымат каражаттарында да кызуу талкууну жаратты. Алардын ичинде бул келишимдин пайдасыз экендиги туурасында да жазышкандары бар.
Бирок, орусиялык саясатчылардын басымдуу бөлүгү бул жаңылыкты жылуу кабыл алышты:
Ирина Хакамада: Бул келишимдин башкы пайдасы - экономикага тиешелүү баардык кызматарда бирдиктүү стандартты иштеп чыгуу деп ойлойм. Бул жеке менчиктин корголуусун, экономиканын ачыктыгын жана андагы мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгынын жөнгө салынуусун, ошондой эле бюрократия менен бизнес ортосунда чек аранын пайда болуусун камсыз кылат, – деп ойлойт Мамдума депутаты Ирина Хакамада.
Ал эми Орусиянын экономикалык өнүгүү жана соода министри Герман Грефтин айтымында, бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин түзүлүүсү, биринчи кезекте, миграциялык саясаттын да бирдей болуусун шарттайт.
Герман Греф: Чынында, бул келишимдин зыянынан пайдасы көп деп ишенимдүү айта алам. Бирок, бүгүнкү күнү бул төрт мамлекет тен Буткул Дуйнолук соода уюмуна мүчө болуп кирүү алдында турушат. Мында биз же бирге болушубуз керек, же экономикалык карым-катнашыбызды өзүнчө түзгөнүбүз оң. Анткени, биздин жооптон төрт мамлекеттин атуулдарынын ич ара эркин кыймылы да көз каранды. Бул маселе төрт мамлекет ичинде жүрүү үчүн виза керекпи же жокпу деген суроого жооп бериши керек. Азырынча мамлекет башчыларынын аракеттери бул оңдүү кыйынчылыктарды четтетүүгө багытталууда, – деди Орусиянын экономикалык өнүгүү жана соода министри Герман Греф.