Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Т.БАКИР УУЛУ: «КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУКТАРЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЧОҢ ПРОБЛЕМАЛАР БАР»


Кыргызстанда жаңы түзүлгөн Акыйкатчы институтунун алгачкы уюштуруу иштери кандай жөнгө салынууда? Бул маселенин айланасында Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кыргызстанда адам укуктарына байланыштуу чоң проблемалар бар. Дүйшөмбүдө өткөргөн пресс-конференцияда Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу ушундай пикирин билдирди:

- Эгер адам укуктары жаатында баары жайында болсо, Кыргызстанда Акыйкатчы да, Турсунбек Акунов да, Дырылдаев да, Бекназаров да болмок эмес. Алар болгондон кийин адам укуктарына байланыштуу проблема бар. Кыргызстанда адам укугу боюнча чоң проблемалар болуп жатканын Акыйкатчынын кеңсесине келип түшүп жаткан көп сандагы каттар айтып турат. Мен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы аркылуу чет мамлекеттерде болгонумда, керек болсо Польшада да адам укуктары бузулган фактылар бар экенине ынандым. Бирок, баарынан көп укук бузуулар, албетте, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө болот. Мен Грузия, Азербайжан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан өлкөлөрү жөнүндө айтып атам.

Т. Бакир уулу февраль айында Польша, Грузия, Орусия жана Украина мамлекеттериндеги Омбудсман институттарынын ишмердиги менен таанышып кайтты. Ал декабрь айынын этегинде парламентке ант берип, 31-январда Акыйкатчынын кеңсеси расмий ачылган.

Акыйкатчы кыдырган өлкөлөрдүн ичинен Грузиянын Акыйкатчы институту өзүнүн түзүлүшү, кызматчыларынын саны, иш багыты боюнча Кыргызстандыкына жакын. Ошондой болсо да ал Грузия эле эмес, бардык өлкөлөрдүн алгылыктуу жактарын пайдаланууну көздөп жатат. Бакир уулунун айтымында, өз ара кызматташтык алакаларынын жанданышына, дегеле, Кыргызстанда Акыйкатчы институтутунун калыптанып, өнүгүшүнө эл аралык уюмдар жардам берүүнү көздөп жатышат. Алардын ичинен азыр ПРООН менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму тыгыз кызматташууда.

Чет өлкөлүк кесиптештеринин тажрыйбасына таянган Акыйкатчы ар жыл сайын Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы боюнча отчет жарыялоо, элге укуктук билим берүү максатында ар кыл китептерди чыгаруу, коомдук башталышта кеңештерди түзүп, анын башына элге таасирдүү адамдарды чакыруу максатын алдыга койду.

Акыйкатчынын сөзүнө караганда, азыр институт бардык структуралар менен кызматташууга аракет кылып жатат. Алардын ичинде президент жана өкмөт менен кызматташтык азырынча канааттандырарлык. Муну Акыйкатчы кеңсе маселесинин ыкчам чечилиши жана өкмөттүн келерки жыл үчүн жетиштүү каражат бөлүүгө берген убадасы менен байланыштырды. Финансылык эсептөөлөргө караганда, бул институттун ишин толугу менен калыпка салыш үчүн 22 миллион сом талап кылынат.

Акыйкатчынын алдында жакында Жогорку Кеңеш тарабынан шайлана турган үч орун басардын иштерин бөлүштүрүү, региондордо бөлүмдөрдү ачуу өңдүү негизги милдеттер турат. Мындан тышкары жакында Т. Бакир уулунун доо арызынын негизинде «Вечерний Бишкек» гезитине карата сот иши башталат. Омбудсмандык жаңы кызмат менен сот жараянынын коштолуш себебин ал өзү мындайча түшүндүрдү:

- Эл сотко жана мамлекеттик органдарга ишенбесе да, Омбудсманга ишениши керек. Бул жерде көп тираждуу гезит мени кандайдыр-бир диний террорчу топ менен байланышы бар террорист катары көрсөткүсү келип атат. Андан да жаманы - Батышты «силер АКШ, антитеррордук коалиция күрөшүп аткан саясий ислам менен байланышы бар Омбудсманга кантип жардам берип атасыңар» деп тескери үндөп жатат. Батыш деген Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, ЕККУ. Алар мага кадыресе мамиле кылышын каалайм.

Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу «Вечерний Бишкек» бир үй-бүлөнүкү экенине жана аны мамлекет башындагы адам каржылаары тууралуу кепке ишенбей тургандыгын айтып, гезитти аялдарды жана жашы жете элек балдарды сатууга байланышкан жарнамаларды жарыялап жаткандыгы үчүн айыптады. Адам укугуна шек келтирген мындай жагдайларга каршы күрөшүү - дүйнөнүн бардык башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстан Акыйкатчысынын да учурдагы милдеттеринин бири. Ушул өңүттө Акыйкатчы Кыргызстандагы сексуалдык соода жүргүзүү кылмыштарына байкоо жүргүзүү сунушу менен ушул аптада өлкөнүн Коопсуздук кызматына кайрылууну көздөп жатканын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG