Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Кофи Аннан Кипр маселесин көп кечеңдетүүгө болбойт деп эскертти


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Кипр маселесине байланыштуу Анкарада болду. Кипрдин грек жана түрк тургундарын жараштыруу планын иштеп чыккан Аннан кечээ маселе оңунан чечилет деген үмүтүн билдирди.
- Кипр проблемасын жөнгө салууда биз эң жогорку чекке жеттик. Азыр Кипр үчүн чечүүчү мезгил келди. Баарыбыз Иракка алагды болуп жатабыз, бирок бул маанилүү көз ирмемди да жадыдан чыгарбайлы.
Кипрдин 2004-жылы Евросоюзга кириши үчүн каршы тараптар ушул айдын аягына чейин мунасага келиши ылаазым. Аннан бүгүн мунасага берилген убакыт бир жумадан ашыкка узартылбай тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG