Улуттар Уюмунун "мунайга азык-түлүк айырбаштоо" программасына ылайык Иракка жылына 2 миллиард 600 миллион долларлык мунай сатып, андан түшкөн акчага күнүмдүк күлазык жана дары-дармек сатып алууга уруксат берилет. Азыркы учурда ал программа боюнча Ирактын 24 миллион чамалуу калкынын кеминде 60 проценти суу май, ун, кант, күрүч жана башка дан азыктары менен камсыз кылынат.
Бирок Ирактын эли азык-түлүк менен ойдогудай камсыз кылынат деп айтуу чындыкка төп келбейт. Мунайга келген азык-түлүк ирактыктардын муктаждыгын толук канааттандырбайт. Азык-түлүктүн олчойгон бөлүгү кол тийгис мамлекеттик резервдерди толуктоо жана бийлик менен армиянын муктаждыктарын канаттандыруу үчүн жумшалат. Карапайым калкка болсо андан артканы гана тиет, азык-түлүк атайын карточкалар аркылуу үйбүлө башына жараша таратылат. Ушундай эле абал дары-дармекти бөлүштүрүүдө да өкүм сүрөт.
АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эллиот Абрамс Вашингтондун жетекчилиги астында иштелип чыккан гуманитардык программа ирактыктарга карточка системасы боюнча азык-түлүк таратуу мүмкүн болбой калган учурда ишке ашырыла турганын белгилейт. Азык-түлүк согуш боло турган региондордо отурукташкан калкка, ошондой эле согуштун айынан мунай өндүрүү үзгүлтүккө учурап, караманча кирешесиз калган калк катмарларына таратылмакчы. Ак үйдүн администрациясы азык-түлүктү таратуу вазийпасы солдаттарга жүктөлө турганын, согуштан катуу жабыр тарткан айрым жерлерде калкты ал тургай даяр тамак-аш менен камсыз кылуу пландаштырылып жатканын билдирет.
АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин жооптуу кызматкери Эндрю Нациос ушул тапка чейин Кошмо Штаттары азык-түлүк жана башка гумжардам товарларын сатып алуу үчүн 26,5 миллион доллар сарптаганын билдирет. Бул акчага сатылып алынган гумжардам азыркы тапта Иракка чек аралаш өлкөлөргө жеткирилип, пайдаланууга белен турат. Учурда дагы 56 миллион долларга азык-түлүк менен дары-дармек сатылып алынууда.
АКШнын өкүлү гумжардам программасына катышып жаткан 10 өлкөнүн салымы кандай болорун тактаган жок. Эндрю Нациос беш айдан бери даярдалып жаткан программанын катышуучулары кандай үлүш кошорун кези келгенде алар өзүлөрү жарыялай тургандыгын билдирди. Ал ошондой эле программанын майда-бараты жөнүндө сөз кылуу али эрте экенин, анткени анын ишке ашырылышы Багдаддын улут аралык араздашууларга жол берер-бербесине, мунай кендеринин иштешине жана Ирактын массалык кыргын салуучу куралдарды пайдаланар-пайдаланбасына, корутундулап айтканда, согуштун кандай нукта өнүгүшүнө жараша болорун кошумчалады.
Бирок Улуттар Уюму Иракта боло турган согуш бери дегенде 10 миллион кишини ач-жылаңач калтырарын божомолдойт. "Аларды азык-түлүк жана керектүү буюмдар менен камсыз кылуу үчүн жүз миллиондогон доллар акча керек", – дейт аты аталбаган өкүл.
Иракка гуманитардык жардам берүү маселеси жакында Женевада өткөн эл аралык конференциянын да көңүл борборунда болду. Швейцариянын өкмөтү уюштурган ал жыйында Улуттар Уюму дүйнө коомчулугун Иракка гуманитардык жардам берүү үчүн кечиктирлигис чараларды көрүүгө чакырган. Улуттар Уюмунун агенттиктери азыр Түндүк Кореяга жана Ооганстанга гумжардам берүүнү уюштуруунун үстүндө иштеп жатат. Уюм ошондой эле ачарчылыктан жабыркаган 40 миллион африкалыкты азык-түлүк менен камсыздоо проблемасын чечүү менен да алек. Эгерде Иракта согуш башталса, ансыз да каражат таппай каржалып турган уюм өтө кысталыш финансылык жагдайга дуушар болмокчу. Бирок уюмдун өкүлү Ройтерге берген маалыматында Ирактагы согуш ООНдун Африкада ишке ашырып жаткан азык-түлүк программасына кедерги болбой турганын айтат.