БИШКЕК. Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду башкаруу сапатын көтөрүш үчүн 590 миң доллар бөлө турган болду. Бул тууралуу 26-февралда маалымат тараткан «АКИ-пресс» агенттигинин билдирүүсүнө караганда, бул каражат техникалык грант түрүндө берилет. Гранттардын негизинде Азия Өнүктүрүү Банкы мониторинг жүргүзүүнү, долбоорду башкарууну жакшыртууну, Финансы министрлиги үчүн маалыматтык башкаруу системасын түзүүнү жана адистерди окутууну көздөп жатат. Грант долбоорун ишке ашыруучу институт - Финансы министрлиги. Ал долбоорду ушул жылдын мартынан эмдиги жылдын мартына чейин толук ишке ашырат.
Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду башкаруу сапаты үчүн 590 миң доллар бөлө турган болду