Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ИРАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ


Нарын АЙЫП, Прага Адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар Иранды такай сындап келет жана 26-февралда Бириккен Улуттардын атайын жумушчу тобу дагы өлкөнүн абактарындагы абалды катуу сынга алды. Алты жылдан бери Иранды "реформачы" президент башкарганда деле абал орчундуу өзгөргөн жок жана 28-февралда өлкөдө өткөрүлө турган жергиликтүү шайлоого аз адам катышып калышы мүмкүн.

Бириккен Улуттардын атайын жумушчу тобу акыркы жети жылда Иранга сырттан келген биринчи комиссия болду жана беш эксперттен турган ал топ өлкөдө 12 күн иштеп, негизинен абактардагы абалды текшерди. Топтун жетекчиси Луи Жоне 26-февралда Тегеран шаарында журналисттер менен жолугуп, Ирандын соттору күнөөлүүлөргө өтө катуу өкүм чыгарганын жана абактардагы абал жашоого ыңгайсыз экендигин билдирди. Анын айтымында, тартип коргоо кызматкерлери кээде жарандарды негизсиз камакка алат. Соттор аларды кескенде болсо, жасалган кылмышка жараша эмес, андан алда канча катуу өкүм чыгарат, Жоненин пикиринде, мындай абал - өлкө жетекчилери мыйзамды репрессивдүү маанайда түшүнгөнүн көрсөтөт.

Иранда адам укуктарынын абалы кеңири түрдө бузулуп жатканы көптөн бери эле белгилүү жана ага көп мисал келтирсе болот. 5-февралда өлкөнүн белгилүү оппозициялык динаиятчысы, 81 жаштагы аятолла Хусейн Али Монтазери Ком шаарындагы ооруканага жаткырылды, бирок ал Тегеранга барып дарыланайын дегенде, бийлик ага уруксат берген жок. Иранды аятолла Рухолла Хомейни бийлеп турганда Монтазери анын мураскору болуп саналчу, бирок кийин саясий оппозицияга каршы аракеттерди жумшартыш керек дегенде, бийликтен четтетилген. Монтазери Хомейни каза болгондон кийин бийликке келген динаятчыларды сындап чыкканда, 1997-жылы үй камагына алынып, үстүбүздөгү жылдын 30-январында гана ден соолугуна байланыштуу бошотулду.

Өлкөдө парламент жана президент бар болгону менен көпчүлүк негизги маселелерди диний жетекчилер чечет. Мындай системаны сындап макала жазганы үчүн жакында белгилүү журналист Мохсен Сазгара да камакка алынып, анын "Гөлистан" аттуу гезити жабылган. Эл аралык коомчулуктун талабы менен жана абакта ачкачылык жарыялап, беш күн тамак ичпей койгондон кийин гана ал 22-февралда бошотулду.

Диний тартиби күчтүү Иран алдыңкы технологияларга да ээ болуп, өзөктүк курал өндүрүүгө далалаттанат. Жакында Иранга Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин баш деректири Мохаммед Элбарадей да келип кетти: "Менин Иранга келген себебим - өлкөнүн өзөктүк кубат ишканаларынын мүмкүнчүлүктөрүн өлкө жетекчилери менен талкуулап, аларда өзөктүк курал чыгарылбаган болсо, ал тууралуу эл аралык коомчулукту ишендирип жана абалга биздин агенттик кандай көзөмөл сала ала турганын билүү".

АКШнын талабы менен агенттиктин эксперттери Ирандын өзөктүк ишканаларын инспекцияга алыш керек. Өзөктүк куралга ээ болууга умтулган Ирак, Иран жана Түндүк Кореяны 2002-жылдын башында АКШ президенти Жорж Буш бириктирип, аларды "балакеттин үчилтиги" деп атаган.

1997-жылы Иранда президент болуп Мохаммад Хатами шайланганда, кээ бир эл аралык эксперттер эми өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөр башталат деп үмүттөнгөн. Хатами чындап эле реформа жүргүзүүгө аракеттенгенсиди жана 2001-жылы экинчи жолу да президент болуп шайланды, бирок өлкөдөгү диний тартип дээрлик кебелген жок. Ошондуктан эл аралык байкоочулардын айтымында, эл азыр динаиятчыларга гана эмес, реформачыл деп аталган саясатчыларга да нааразы жана 28-февралда өлкөдө өткөрүлө турган жергиликтүү шайлоо учурунда добуш берүүгө шайлоочулардын кырктай гана пайызы катышып калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG