Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮҮ ЭРКИНДИГИНЕ АРНАЛГАН ТАЛКУУ БОЛДУ


28-февралда «Фриидом хаус» эл аралык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү Кыргызстандагы жыйын өткөрүү эркиндигине арналган талкуу уюштурду.

«Тегерек үстөл» жыйынына Кыргызстандагы саясий партиялардын, бейөкмөт, эл аралык уюмдардын Бишкектеги кеңселеринин өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн элчилери, биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов баштаган бийлик өкүлдөрү, депутаттар жана Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу катышты. Анда «Фриидом хаус» эл аралык уюмунун жакында Кыргызстанда ишке киришкен кеңсесинин милдети тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин жарандардын өз көз карашын эркин билдирүүсүнүн бир формасы болгон жыйындарды, митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүү эркиндигинин абалы талкууланды. Андан тышкары «Көз карандысыз басма үйү» аттуу эл аралык долбоордун максаты тууралуу маалымат берилди.

Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Конституциянын жаңы редакциясында жарандардын жыйын өткөрүү эркиндиги толук камсыздалгандыгын жарыя кылды.

- Жаңы редакцияда адам укуктары жана эркиндиктери бир аз кеңейтилген. Укуктар менен эркиндиктерди ишке ашыруу механизмдери да каралган. Конституциясынын 16-беренесинде ал тууралуу «адамдар эркин чогула алат, митинг, пикет, чогулуштарды эркин өткөрө алат» деп жазылган,- деди Курманбек Осмонов.

Бирок, талкуу учурунда «Жыйындарды, митинг, жүрүштөрдү өткөрүү» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деген сунуш айтылды. Буга Конституциянын жаңы редакциясынын 16-беренесинин 14-пунктуна «жарандар пикет, жыйын, демонстрацияларды, аткаруу жана жергиликтүү бийлик органдарына күн мурунтан билдирген шартта гана өткөрүүгө укуктуу» деген жобонун киргизилиши башкы себеп болду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин ою боюнча, бул жарандардын табигый укуктарын чектейт.

- Бул Кыргызстандын жарандарына эбегейсиз көп кыйынчылыктарды алып келет. Мисалы, жөнөкөй бир жыйын, жолугушуу, митинг, пикет өткөрүш үчүн жергиликтүү бийликке кандайдыр-бир убакыт мурун эскертиш керек. Эскертүү деген расмий документ. Анткени, жарандар анын негизинде соттошушу мүмкүн. Жергиликтүү аким же айыл өкмөт башчысы «эскертүү катын алдым» деп кагаз бериши керек. Тилекке каршы, азыркыдай кырдаал курчуп турганда эч ким өзүнө жоопкерчилик алып, кагаз жүзүндө «алдым» деп кол коюп бербейт. Төрт-беш километр жерди басып райондун борборуна айылдан келген жарандар бир топ күн убара болушу мүмкүн. Конституцияга ылайык андай эскертүү бербесе жергиликтүү бийликтер «андай укугуң жок» деп кине коюшу мүмкүн. Бул абдан одоно укук бузуу, - деди ал.

Ө. Текебаевдин оюн Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да колдоп, тынчсызданууга толук негиз бар экендигин, аны «Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери катары былтыр күзүндө митинг өткөрүүгө Карасуу райондук акимчилигинен уруксат ала албай койгону айкындай тургандыгын билдирди. Ушундан улам ал «Жыйындарды өткөрүү тууралуу» мыйзамдагы «митинг, жүрүштөрдү өткөрүш үчүн жергиликтүү бийликке күн мурунтан кабар берип, анан уруксат алуу керек» деген жобону «кабар берип гана коюу керек» деген жобо менен алмаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Адам укуктары боюнча кыргыз-америка бюросунун жетекчиси Наталья Аблова «тегерек үстөл» жыйынына катышып олтурган оппозиция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү өз көз карашын көчөдө билдиргени үчүн бийлик тарабынан куугунтукталып, алды соттолгондугун мисалга келтирип, аны «бийлик өкүлдөрүнүн алыска саресеп сала албаган саясатынын жемиши» деп баалады. Элдин пикет, жүрүштөргө чыгып, бийлик башындагыларды кызматтан кетирүүнү же саясатты өзгөртүүнү талап кылбашы үчүн төмөндөгүлөрдү сунуш кылды:

- Мындай көрүнүштөр болбош үчүн бийликти шайлоо жолу менен гана алмаштыруу зарыл. Бул салтты бузуу элди көчөгө алып чыгып, анын кыжырдануусун күчөтүп, шайлоо жүргүзгөн адамдарга ишенимин жоготот. Нааразыланган эл проблеманы зомбулук менен чечүүгө түрткөн күчтөргө берилип кетип жатат.

Ал эми биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмоновдун пикири боюнча, жыйын өткөрүү эркиндиги чектелген эмес, аны оппозиция атайылап бурмалап жатат.

- Бул тыюу эмес. Аларга эч ким тыюу салган жери жок, жөн эле эскертип коюш керек. Конституциянын жаңы редакциясынан мурун ушундай акцияларды өткөрүү жөнүндө атайы мыйзам кабыл алынган. Анын 6-7-беренелеринде бул норма так, даана жазылып турат. Бул алардын укугун чектөө эмес. Ал мамлекеттик органдардын митинг, чогулуштарга катышпаган адамдардын, коом мүчөлөрүнүн укугун жана тартипти сактоого болгон аракети, - деди Курманбек Осмонов.

Ал эми басма сөз эркиндигин талкуулоо учурунда «Көз карандысыз басма үйү» долбоорунун директору Марк Стоун жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон O’ Киф гезит басып чыгарууда бийликтин басымына жол берилбей тургандыгын жарыя кылышты.

XS
SM
MD
LG