Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:54

НЬЮ-ЙОРКТОГУ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНУН ОРДУНДА ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БИЙИК ИМАРАТ КУРУЛАТ


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын 11-сентябрында террордук чабуулдан кыйраган Нью-Йорк шаарындагы Дүйнөлүк соода борборунун ордуна - Польшада туулган архитектор Дэниел Либескинддин долбоору боюнча жаңы имараттар курулат.

Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода уюмунун кош имараты - жапаниялык архитектор Минору Ямасакинин долбоору боюнча курулган жана алар кезегинде дүйнөдөгү эң бийик имараттар болгон, бирок кийин Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында андан бийик имарат курулган. Дэниел Либескинддин долбоору ишке ашса, дүйнөдөгү эң бийик курулуштар боюнча биринчилик кайрадан Нью-Йорк шаарына өтөт.

Кыйраган Дүйнөлүк соода борборунун ордуна жаңы имарат куруу боюнча мелдешке алты долбоор катышты жана анын жыйынтыгы 27-февралда чыгарылды. Биринчи орунга - Берлин шаарында жайгашкан "Студио Дэниел Либескинд" деген фирманын долбоору чыкты. Бул студияны - Польшада туулуп, Америка Кошмо Штаттарында билим алган архитектор Дэниел Либескинд жетектейт. Анын долбоору боюнча, кыйраган соода борборунун ордуна бир нече имарат курулат, алардын бирин мунара коштойт жана анын бийиктиги 1776 фут же 533 метр болот. 1776 фут деген бийиктик - Америка Кошмо Штаттары эгемендүүлүкө 1776-жылы жеткени менен байланыштуу.

Жеңүүчүнүн ысмы жарыяланган салтанаттуу жыйынга "Азаттыктын" Нью-Йорк шаарындагы кабарчысы Никола Крастев да катышкан, анын айтымында, Либескинддин долбоорун шаар мэри Майкл Блумберг да мактады. "Мурда Дүйнөлүк соода борбору турган жерди кайра курууда биз үч максат койгонбуз. Биринчиден, 2001-жылдын 11-сентябрында болгон окуяны түбөлүккө эсте калтыруу. Экинчиден, ал жерди кайрадан дүйнөлүк соода жана маданияттын борбору кылуу. Жана үчүнчүдөн, Ылдыйкы Манхэттендин көрүнүшүнө жаңы кубат кошуу. Дэниел Либескинддин долбоорун тандоо менен биз ал үч максатка тең жетип жатабыз".

Долбоор боюнча курула турган бир нече имарат - кыйраган соода борборунун ордунда калган чуңкурду тегеректеп турмакчы, бирок кээ бирөөлөргө андай көрүнүш жакпайт. Нью-Йорктук архитектор Жэк Заккондун пикиринде, ал чуңкурду бүтөп салбастан, ошол бойдон калтыруу - тегеректе жашаган же иштеген көп адамдардын турмушуна ыңгайлуу болбойт жана унаа байланыштарына да тоскоолдук түзөт. Чуңкурдун тереңдиги азыр 23 метр, бирок акырында анча-мынча бүтөлүп, анын 6-7 метири гана калышы мүмкүн.

Дэниел Либескинд 1946-жылы Польшада туулган, кийин Израилде жана Америка Кошмо Штаттарында мызыка окуп бир топ ийгиликке жеткен, бирок акырында Нью-Йорктогу "Купер Юнион" окуу жайын 1970-жылы бүтүп, архитектор болгон жана аспирантурада Англияда окуган. 1965-жылы ал америкалык жарандыкты алган.

Либескинд Европа менен Американын бир топ шаарындагы имараттарды курган жана бир нече эл аралык сыйлыкка ээ. Анын долбоорлору менен Берлин шаарында Жөөт музейи, Манчестер шаарында Согуш музейи, Швейцариянын Берн шаарында - Европадагы эң чоң соода борбору, АКШнын Денвер шаарында Өнөр музейи жана башка имараттар курулган. Либескинд дүйнөнүн бир нече окуу жайында сабак да берет жана азыркы учурда Канаданын Торонто менен АКШнын Пенсильвания университеттериндеги кафедраларды жетектейт. Андан тышкары, ал Алманиянын Карлсруэ шаарындагы институттун профессору.

1996-жылы ага Америкалык өнөр академиясынын жана Берлин шаарынын маданият сыйлыктары ыйгарылган, 1999-жылы ал Алманиянын архитектуралык сыйлыгын утуп алган, 2000-жылы болсо, ага Гөте медалы берилген. 2001-жылы Либескиндге - Хиросима өнөр сыйлыгы ыйгарылган, бул сыйлык - элдер арасында түшүнүүчүлүк менен тынчтык орноткондук үчүн берилет жана аны Либескиндге чейин бир да башка архитектор алган эмес.
XS
SM
MD
LG