Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

ТҮНДҮК КОРЕЯ МЕНЕН АКШнын ТИРЕШҮҮСҮ АБА МЕЙКИНДИГИНДЕ ДА БАЙКАЛДЫ


Шейшембиде АКШ менен Түштүк Корея бир айга созула турган аскерий машыгууларын баштады. Мунун алдында Түндүк Кореянын аскерий учактары эл аралык аба мейкиндигинде АКШнын чалгынчы учагынын жолун тосуп, аны камалаган. Бул окуяга байланыштуу Вашингтон Пхеньянга расмий түрдө нааразылык билдиргени жатат.

Пентагондун маалыматына караганда, окуя жекшемби күнү Түндүк Кореянын жээктеринен 240 чакырымча алыстыкта болгон экен. Жапон деңизинин үстүндө, аба мейкиндигинин эл аралык бөлүгүндө учуп жүргөн америкалык RC-135 тибиндеги чалгынчы учакты Түндүк Кореянын МИГ-29 жана МИГ-23 үлгүсүндөгү аскерий төрт учагы камалаган. Түндүк Кореянын учактары америкалык учакты 15 метрдей аралыкта 20 минуттан ашуун туш-тушунан жандап учуп, алардын бири өз радары менен мээлеген. Бирок кандайдыр бир атышуу орун алган эмес, учак аман – эсен АКШнын Жапониянын аймагындагы авиабазасына келип конду. Жапон өкмөтүнүн маалымат катчысы Ясуа Фукуда шейшемби күнү Токиодогу басма сөз жыйынында жогорудагы окуядан улам кырдаалды курчутпоо зарылдыгын белгиледи:

-Биз бул инцидентке байланышкан маалыматтарды чогултуп жатабыз. Бирок АКШнын учагы аман- эсен Каденага кайтып келди. Маанилүү нерсе – учурдагы тирешүүнү чыңалтпоо.

Айткандай эле окуя АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси ойдогудай эмес учурда болуп олтурат. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасынан улам эки өлкөнүн ортосунда өткөн күздө кайра тутанган тирешүү али басаңдай элек. Былтыр октябрь айында Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралдар прогораммасын өнүктүрүп жатканынын моюнга алгандан кийин АКШ Пхеньянга отун иретинде мазут жөнөтүүнү токтоткон эле. Ал эми Түндүк Корея энергиянын тартыштыгын жүйөө кылып ,1994-жылдагы келишимге ылайык токтотулган Йенбен атомдук электростанциясын кайра иштетерин жарыялаган. Өткөн жылдын соңунда Пхеньян өлкөдөн МАГАТЭнин инспекторлорун чыгарып жиберген,жыл башында өзөктүк куралдарды таратпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкты. АКШлык расмий өкүлдөрдүн жакындагы маалыматына караганда,спутник аркылуу тартылган сүрөттөр Йенбен атомдук электростанциясындагы реактор иштей баштаганын көргөзүүдө. Түндүк Корея ал реактору аркылуу өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат – плутонийди өндүрө алат.

Пхеньянды өзөктүк куралдар программасынан баш тарттырууга багытталган дипломатиялык аракеттер азырынча олуттуу натыйжа бере элек. Ушул жылдын 19–февралында Түндүк Кореянын аскерий учагы Сары деңиздин үстүндө Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузуп, Сеулдун учагы жолун тосуп чыкканда артка кайткан эле. 24-февралда Пхеньян жакынкы аралыкка атылуучу тактикалык ракетасын сынады. Мындан тышкары Түндүк Корея АКШнын чалгынчы учактары акыркы убактарда анын аба мейкиндигин бир нече жолу бузганы үчүн Вашингтонду айыптаган.

"Бул тыңчылык учуулардын баардыгы - Түндүк Кореяга каршы согуш баштоо максатында АКШ аракеттерди жасап жатканын айкын далили",- деп билдирген өткөн ишемби күнү Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги. Ал эми америкалык расмий өкүлдөр белгилегендей, RC-135 тибиндеги учактардын эл аралык аба мейкиндигинде учуусу мыйзамдуу, алар жалпыга бирдей эрежелердин алкагында иш жүргүзүүдө. Вашингтондун болсо Түндүк Кореяга кол салуу ниети жок. Айтор, АКШ тарап соңку окуя боюнча Түндүк Кореяга расмий түрдө нааразылык билдиргени жатат. Пентагондун өкүлү Жефф Девистин айтымында, азыркыдагыдай инцидент соңку отуз жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу болуп олтурат. 1969-жылдын апрель айында Түндүк Корея АКШнын аскерий учагын атып түшүрүп ,анда 31 адам каза тапкан.

Шейшемби күнү АКШ Түндүк Кореянын коңшусу -Түштүк Корея менен биргелешкен аскерий машыгууларын баштады. 1961-жылдан бери такай өткөрүлүп жүргөн аскерий машыгуулар бир айга созулат. Түндүк Корея муну да ага кол салуу үчүн көрүлүп жаткан даярдык деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG