Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

КЫРГЫЗСТАНДА ДЕМОКРАТИЯЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА КООМДУК КЕҢЕШ ТҮЗҮЛДҮ


Кыргызстанда Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш түзүлдү. Кеңештин уюштуруу жыйыны 4-мартта Өкмөт Үйүндө өтүп, аны президент Аскар Акаев жетектеди. Мындай уюмга кайчы пикирдеги айрым оппозициялык саясатчылар бул аракетти президенттин өз бийлигин бекемдөөчү кезектеги кадамы катары баалашты.

Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш “Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө” аттуу идеянын алкагында түзүлдү. Анын негизги милдеттеринин бири – Демократиялык кодексти түзүү. Бул тууралуу президент Аскар Акаев коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн алгачкы жыйынында сүйлөгөн кириш сөзүндө билдирди.

«Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» идеясын президент өткөн жылдын май айында Жогорку Кеңеш аркылуу Кыргызстандын калкына кайрылуусунда жарыялап, Демократиялык кодекс түзүү зарылдыгын белгилеген.

Жаңы Конституциянын экинчи бөлүмү адам укуктарына арналган. Президенттин айтымында, ага ылайык адам укуктарын Конституциялык Соттон, Омбудсмандан тышкары Бишкекте жана Ошто түзүлмөкчү болгон административдик соттор да коргойт. Мындан тышкары, Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш Кыргызстанга керек. Акаев анын маанисин төмөнкүдөй чечмеледи:

- Мындай коомдук кеңештин милдети эмнеде? Ириде биздин өлкөдөгү демократиялык жеңиштерди коргоо, демократиялык институттарды тереңдетүү жана бекемдөө, биринчи кезекте, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо.

Анын айтымында, бул коомдук уюм өзүнүн бийик аброю менен айырмаланып, коомдук арбитр катары кызмат кылышы керек.

Президент уюштуруу жыйынында Коомдук кеңешти түзүү тууралуу жардыкты окуп берди. Жардыкка ылайык кеңештин төрагасы болуп академик Мирсаид Миррахимов дайындалды. Ал эми теңтөрагалык биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов менен Конституциялык Соттун судьясы Жумакадыр Тагайбаевге сунушталууда. Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, аз улуттардын, окумуштуулардын өкүлдөрү киришти. Алардын катарында Шамарал Майчиев, Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов өңдүү саясатчылар бар.

Жыйында кеңештин мүчөлөрү жаңы түзүлчү Демократиялык кодекске байланыштуу ар тараптуу сунуш-пикирлерин айтышты. Маселен, Жаштар партиясынын лидери Айдарбек Бакыев маалымат коопсуздугу тууралуу маселе көтөрдү:

- Биз маалымат коопсуздугун да карашыбыз керек. Себеби, түштүк тарапта Өзбекстандын телеберүүсү, радиосу басымдуулук кылып атат. Биздин кыргыз радиотелеберүүлөрүнүн айылдарга жетиши кыйын болуп атат. Биз республикалык деңгээлде гезит-журналдарды райондорго, айыл-кыштактарга чейин жеткирүүгө шарт түзүшүбүз керек. Радиону калыптандырып, телеберүүнү да жакшы жолго салышыбыз керек. Ошондо биздин ишибиз алдыга жылат.

Президент А. Акаевдин билдиргенине караганда, адегенде коомду демократиялаштырууга моралдык, саясий жана укуктук таасир көрсөтүү багытындагы кеңири ыйгарым укуктарын камтыган Демократиялык коопсуздук кеңешинин жобосунун долбоору иштелип чыгышы керек. Андан кийин кеңештин алдында Демократиялык кодекстин долбоорун даярдап, Кыргыздарынын бүткүл дүйнөлүк экинчи курултайына талкууга алып чыгуу милдети турат.

Мындай кеңештин зарылдыгын оппозициялык күчтөрдүн айрым өкүлдөрү жокко чыгарууда. Маселен, «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевдин ою боюнча, демократиялык баалуулуктарды коргой турган көптөгөн мыйзамдар, органдар, мыйзамдар иштеп жатканда бул ашыкча аракет :

- Биринчиден, бизге сунуш болгон жок. Экинчиден, мындай демократиялык коопсуздук комитетинин кереги жок. Бизде башка мыйзамдар иштеп атат… Бул жөнөкөй эле пропаганда.

Ал эми кеңештин мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаев Демократиялык кодекс түзүү - өтө татаал маселе экенин белгилеп, коомдук кеңештин алгачкы жыйынына байланыштуу мындай баа берди:

- Ачык, бирдиктүү түшүнүк, иш-аракет жок. Бул жөн эле тегерек үстөлдөгү жолугушуунун бир түрү болуп калды деп ойлойм. Аксакалдардын, саясатчылардын кээ бирлери Түркмөнбашынын «Рухнамасына» окшогон адеп-ахлак жөнүндө моралдык-этикалык эрежелерди иштеп чыксак дегендей ойлорун айтып отурушат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG