Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

БИЛЯНА ПЛАВШИЧ АБАККА КЕСИЛДИ


Мурдагы босниялык серб жетекчиси Биляна Плавшич айым бейшембиде Гаагадагы эл аралык трибунал тарабынан он бир жылга абакка кесилди. Согуш кылмышкери деген доо боюнча трибунал иш козгогон 80 кишинин ичинен жападан-жалгыз айым болгон Плавшичтин абакка кесилиши ар кыл жоромолдорду пайда кылууда.

Гаага трибуналынын башкы соту Ричард Мэй жетимиш эки жашар саясатчы айымды он бир жылга абакка кесүү тууралуу өкүмдү окуп жатып, айыпталуучунун карыялык жашы ал жасаган согуштук кылмыштын таразасын жеңилдете албастыгын баса белгиледи:

- Босниялык серб жетекчилиги, анын ичинде Плавшич айым, өздөрүнүн карамагындагы аскер күчтөрү жүзөгө ашырган кылмыштар тууралуу доолорду көзгө илбей келишкен. Плавшич айым кеңири кулач жайган этностук тукум курут өнөктүгү тууралуу кабарларды тоотпой, бул жараянды коомчулуктун көз алдында жөнгө салып, аны актаган болчу.

Сот Ричард Мэйдин бул сөздөрү серб улутчулдарынын бейкүнөө курмандыгы болгон миңдеген кишилердин арбагына таазим этүү сыяктуу туюлат.

Прокурор Плавшич айымды 15 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө абакка кесүү тууралуу сунуш кылган, бирок сот мурдагы биология профессору Биляна Плавшичтин өз күнөөсүн мойнуна алгандыгын жана Дэйтон тынчтык келишиминин Босниянын серб бөлүгүндө жүзөгө ашырылышы үчүн олуттуу салым кошконун эске алуу менен, анын абак мөөнөтүн кыскартканын, ошондой эле, буга чейин Плавшич түрмөдө отурган 245 күн да бул мөөнөткө кошо эсептелээрин билдирди.

Гаага сот өкүмү Боснияда ар кыл пикирлерди жаратууда. Маселен, “Сребреница энелери” коомунун өкүлү Када Хотич айым 1995-жылы сербдер тарабынан атайылап кыргынга учуратылган сребреницалык жана анын айланасындагы кыштактардагы жети миңдей мусулман эркектин, алардын ичинде эне сүтү оозунан кете элек уландардын эми жарык дүйнөгө кайтып келбестигин айтып, күйүтүн жашыра албады:

- Ошол кыргынга учурагандардын өмүрү менен бул өтө кыска абак мөөнөтүн салыштыргылачы. Деги бул кандай сот экенин мен эч түшүнгөн жокмун. Гаагадагы прокурорлор менен соттордун бул ишке кылган мамилеси – барып турган уятсыздык.

Хотич айым тооккананы кыйраткандар да мындан катаалыраак жазага туш болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Ал эми босниялык сербдердин айрымдары бул өкүмдү өтө эле катаал болуп калды деп санашууда. Маселен, Босниянын серб бөлүгүндө Плавшич айымдан кийин өкмөттү жетектеген саясатчы Милорад Додиктин оюн угуп көрөлү:

- Бул өкүм, менимче, көңүл чөгөртчү бир иш болду. Менимче, эл аралык сот Биляна Плавшичке карата адилетсиз мамиле кылды.

Додик мырзанын пикирине кошулбаган сербдер да арбын.

Айрым адистердин оюнча, азыркыга чейин качып жүргөн шектүү делген саясатчылар эми Плавшич сыяктуу ыктыярдуу түрдө трибуналга колго түшүп берүүнүн кажети жок деген ойго төнүшү да ажеп эмес. Кандай болсо да, Гаага трибуналынын бул өкүмү согуш кылмыштарын жасагандар жазадан эч кутула албайт деген түшүнүктү коомчулук арасында ого бетер бышыктаары шексиз.

XS
SM
MD
LG