Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

ЛОНДОНДОГУ СААМАЛЫК ЧОҢАЛАЙГА КАЧАН ЖЕТЭЭР ЭКЕН?


Маалымат технологиясынын жаңылыктарына кезек берели. Дүйшөмбүдө Лондондо видео аркылуу баарлашууга мүмкүндүк берчү чөнтөк телефондун тушоосу кесилди. Жакынкы болочокто адамзат алаканга баткан телефондук аспап аркылуу бири-бирин көрүп, баарлаша алмакчы.

Жакынкы бир нече жыл ичинде замандаштарыбыз дидарлашуунун жаңы сересин сунуш кылган байланыш технологиясынын дагы бир саамалыгын кеңири колдонуп калышы ажеп эмес. Тээ алыскы Чоңалайда же Атбашыда тирилигин өткөргөн кыргыздын “жаңы муундагы карыясы” кемселинин чөнтөгүнөн көчмө телефонду алып чыгып, тийешелүү номурду терди дейли. Ошто же Бишкекте, а балким, дүйнөнүн башка бир алыскы жеринде жүргөн анын уул-кызы же небере-чөбөрөсүнүн телефону чырылдай түштү дейли.

Марттын 3үндө алгачкы жолу расмий бет ачаары өткөрүлгөн мындай телефон аркылуу алиги карыя өз жакындарынын үнүн гана укпастан, алардын жүзүн да көрө алат.

Албетте, бул технологиялык жетишкендикти эртең эле Алатоодон кезиктире албайбыз, бирок “бүрсүгүнү” деген да түшүнүк бар эмеспи. Ал эми Лондондо болсо – дүйшөмбүдө, жаңы кылымдын үчүнчү жылынын үчүнчү айынын үчүнчү күнү кожоюндары “үч” деп атаган жаңы муундагы чөнтөк телефон кардарларга алгачкы ирет сунуш кылынды.

Гонконгдук “Хэтчисон Вэмпоа” (Hutchison Whampoa) компаниясы алгачкы ирет сатыкка чыгарып жаткан бул чөнтөк телефонду адамзат кыялынын чын чыгышынын дагы бир өрнөгү деп эсептөөгө болот.

Ал эми бизнеске келсек, анда кыял эмес, турмуш прозасы өз өктөмдүгүн жүргүзөт эмеспи. Ушул тапта “Хэтчисон Кэмпоа” компаниясынын саны санга бөлүнүүдө. 630 дан 710 долларга чейинки баада кардарларга сунушталып жаткан бул жаңы муундагы телефон канчалаган кишилерди өзүнө арбай алаар экен?

“Интернешнл гералд трибюн” дүйшөмбүдө жазып чыккандай, жогорудагы компания тогуз өлкөдө жети жарым миллард доллардан ашуун акча каражатын сарптап, өзүнө дал ушул жаңы телефон үчүн лицензия сатып алды. Эми бул зымсыз телефондук жана видео байланышты камсыз кылуу үчүн дагы кошумча канча миллиарддаган каражат талап кылынаар экен? Деги, компания бул саамалыктан кирешеге туйтуна алабы? Же белгисиздикти көздөй башат ачкан нечендеген ойлоп табуучулар жана фирмалар сыяктуу өз жемин башкаларга жедирип отуруп калабы?

“Хэтчисон Вемпоа” компаниясы 22-февралдан тартып алдын-ала заказ кабыл ала баштады. Айрым маалыматттарга караганда, бери дегенде беш жүз кардар өздөрү үчүн заказ берген имиш. Кардарларды кызыктыруу үчүн алиги компания алгачкы 20 миң кардарга бул жаңы телефонду жарым баасына сатаарын жарыялады. Жаңы телефон Жапониянын анча-мынча жерлеринде буга чейин эле тааныштырылган, бирок гонконгдук компания Европага өзгөчө маани берүүдө.

Тек гана кошумчалай кетсем, бул телефонду мен өзүм да көрө элекмин.

Айтмакчы, быйыл 1-мартта компакт-дисктердин Лондондо сатыкка түшө баштаганынан бери он жылдын жүзү болду. Эл учурунда таң калып тосуп алган бул компакт-дисктерде азыр кыргыздын ыр-күүлөрү да жазылып таркатылууда.

XS
SM
MD
LG