БИШКЕК. Казакстандын байланыш боюнча улуттук башкы оператору болгон «Казтелеком» компаниясы быйыл март айында боло турган тендерде «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатып алууга кызыкдар. Бул тууралуу 4-мартта «Казтелекомдун» башчысы Абен Бектасов билдиргенин 5-мартта «АКИ-пресс» агенттиги кабарлады. Анын маалыматына караганда, «Казтелекомдун» директорлор кеңеши азыр бул маселени талкуулап, акцияны кандай баада сатып алууну караштырып жатат. А. Бектасовдун айтымында, «Казтелеком» 2002-жылды 76 миллион доллар өлчөмүндөгү таза киреше менен аяктагандыктан, өз бизнесин башка өлкөлөргө жайылтууга толук мүмкүнчүлүгү бар.