Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстанга келген миссиясы өз ишин аяктады


БИШКЕК. Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) миссиясы 6-февралда Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады. Он күн ичинде миссия ЭВФ колдоп жаткан Жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өсүшкө көмөктөшүү программасынын алкагында өлкөнүн азыркы экономикалык абалына талдоо жүргүздү. Миссия талдоонун жыйынтыгы боюнча 15 бөлүмдөн турган «Корутунду билдирүү» даярдап, өкмөткө тапшырды. Анда программанын аткарылышы жалпысынан канааттандырарлык деп бааланган. Бул тууралуу миссия башчысы Тапио Саавалайнен 6-мартта өткөн маалымат жыйынында айтып өттү. Ал ошондой эле ЭВФ айыл чарба азыктарын сатууга кошумча нарк салыгына, кыймылсыз мүлккө салык салууга байланыштуу иштелип жаткан мыйзамдарды колдоорун жана алардын дароо ишке киришине тилектештигин билдирди. Мындан тышкары, ЭВФ «электр энергиясынын көп чыгымдалышы экономиканын өсүшүнө терс таасир тийгизиши ыктымал» деп эсептейт. Бул өксүктү жөнгө салыш үчүн өкмөт чыгымдарды азайтууга жетиши керек. Эгер бул багытта иш ийгиликтүү болсо, тарифтерди көтөрүүнүн зарылдыгы болбойт.
Эл аралык Валюта Фонду кыргыз өкмөтүнө 2003-жылы ишке аша турган экономикалык саясаттын чоо-жайы тууралуу кошумча меморандум даярдоо сунушун билдирди. Фонддун келерки миссиясы Бишкекке апрелде келет.

XS
SM
MD
LG