БИШКЕК. Шаршемби күнү кечинде Бишкекте «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жыйыны болуп, уюштуруу маселеси каралды. Жыйындын чечимине ылайык кыймылдын жетекчилиги толугу менен алмашылды. Анын мурдагы башчысы Исмаил Исаковдун ордуна «Асаба» партиясынын жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров шайланды. Жетекчинин орун басары болуп укук коргоочу Турсунбек Акун, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алевтина Проненко, ал эми маалымат катчысы болуп «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова шайланышты. Төраганын үчүнчү орун басары кийинки жумада шайланат. Бул тууралуу кыймылдын жетекчилери бейшемби күнү өткөн жыйында кабарлашты.
«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы 2002-жылдын 17-августунда түзүлгөн. Ага оппозициячыл маанайдагы 9 саясий партия, бир нече коомдук уюмдар жана таанымал саясатчылар киришкен.