Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:44

Кытайдын тышкы иштер министри Иракта иштеп жаткан курал инспекторлорунун саны көбөйтүлүүгө тийиш деп билдирет


Министр Таң Жиаксяң бүгүн Бейджинде өткөргөн пресс-конференцияда Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алуунун азырынча зарылчылыгы жок, деп белгиледи. Ошону менен катар ал Кытай жаңы резолюцияга вето койот дегенге али эрте экенин айтты. Кытай ООНдун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бири. Кечээ Парижде Франциянын, Орусиянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Иракка аскердик сокку урууга уруксат берген резолюцияга жол бербей тургандыктарын билдиришкен эле. Кытайдын тышкы иштер министри алардын биргелешкен декларациясын колдой турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG