”Азаттык”-“Эркин Европа” радиосунун кабарчысы Хуснудин Кудбининов менен “Америка авазы” радиостанциясынын репортеру Юсуф Расулов борбор шаарда президент Ислам Каримовдун отставкасын талап кылып, демонстрация өткөргөн кишилерден интервью алышкан. Андан соң кабарчыларды жыйырма чакты жалоондой жигиттер курчап алып, токмоктоп киришкен. Полиция бул ишти көрүп турса да журналисттерди арачылаган эмес.