Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:45

Жумгалда үй-бүлөнү колдоо кызматы ачылды

Жумгал райондук акимчилигинен алынган маалымат боюнча, үй-бүлөнү колдоо кызматынын райондук бөлүмү Кыргыз өкмөтүнүн алдында уюшулган жаңы муун алкагында уюштурулуп, каржылоо иштерине Азия өнүктүрүү банкы жана UNISEF көмөк көрсөтөт. Үй-бүлөнү колдоо кызматы үлгү долбоору алкагында иш жүргүзүп, райондогу жаңы төрөлгөн наристелерден тарта 8 жашка чейинки балдарга материалдык жардамдан сырткары атайын түзүлгөн программанын негизинде окуу-тарбия иштерин жүзөгө ашырат. Учурда мындай иштер 4 айыл өкмөтүнүн базасында ишке ашырыла баштады.
XS
SM
MD
LG