Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

БИШКЕКТЕГИ АЯЛДАРДЫН МАЙРАМЫ


Аманбек Дилденбай, Бишкек Республиканын бар тарабынан майрамдык салтанатка атайын чакыртылган 700 жакын айымдарды Улуттук опера жана балет театрынын алдында музыка менен тосуп алышты.Театр алдында аялдарга гүлдесте берилип, майрамдык каалоо-тилектер айтылды. Майрамдык салтанат театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды.

Куттук ыр айтылды:

Абалтан аялзаты от башында ,
Үйдүн куту, асылкеч жар, балдарага апа.
Эл башына түн түшкөндө, эр жигиттин жан жолдошу.
Кыздары кыргызымдын атылган жебе болуп.


Кыргыз улуттук драма театрынын сахна чеберлеринин аткаруусунда Умай эне каалоо-тилегин билдирип, эр жүрөк Томирис кыз баштаган Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл Мырзанын эрдиктери, акылмандыгы, сулуулугу кѳркѳм туюнтулуп, Курманжан датканын монологу менен аяктады.

«Бир атанын балдары болуп туруп, качанга чейин бычакташып, ич ара бөлүнүп жарылабыз.Түндүгүм башка эл, түштүгүм башка эл . деп карап туруп бири кул, бири кор болгондо биригебизби?», - деген чакырык жаңырыктап турду.

Тарыхый каармандардын катарында ѳлкѳ келечеги кызгалдактай кызыл-тазыл кийинген кичинекей балдар–кыздар чыгышты. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев майрамдык салтанатка келгендерге куттук айтты:

- Урматтуу айымдар! Сиздерди үмүттүн, ишенимдин, сүйүүнүн майрамы 8-март эл аралык аялдардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мамлекет башчысы коомдук иште, илим-билим, медицина, маданият, экономика, айыл чарбасында кыргызстандык аялдардын ат көтөргүс эмгеги тууралуу кеп кылып, өткөөл мезгилде коомдогу оош-кыйыш кезеңде тең салмактуулукту сактап турган да аялдар экендигин баса белгиледи. Алардын айрымдарына майрамдык салтанаттын урматына мамлекеттик жогорку сыйлыктар тапшырылды. Бишкек шаарынын тургуну 10 бала төрөп тарбиялап өстүргөн Дамира Тоялиева «Баатыр эне» ордени менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземинен кийин көркөм өнөр чеберлеринин концерти тартууланды.

8-мартта Бишкек шаарында шатыраган майрамдык салтанат деле сезилбеди. Шаардагы майрамдык маанай тууралуу Бермет Тургуналиева мындай дейт:

- Мына борбордук «Алатоо» аянтында турабыз. Эч кандай майрамдык шаан-шөкөт деле байкалбайт. Аба-ырайы абдан жакшы болуп турганы эле жаз майрамынан кабар бербесе, көңүл жубатаарлык эч нерсе жок. Маданий- массалык оюн-зоок, концерттерди уюштуруп койсо үй-бүлөбүз менен эс алып кетет элек. Тилекке каршы, аны эстеген, уюштурган эч ким жок.

Медицина кызматкери, эмгек сиңирген дарыгер Шайлоо Абдубалиеванын майрамдык каалоосу:

- Аялдардын жаз майрамын ар ким өзү каалагандай майрамдап атат. Мен иштеген медицина жаатындагылар да майрамды жаман тосушкан жок. Бирок азыркы кезде материалдык жакты акча чечип калбадыбы. Ошондуктан дарыгерлердин маянасын өкмөт жетекчилери көбөйтүп койсо деген тилек. Жалпы эл журтубузда биринчиден тынччылык, ынтымак болсо экен, деп кудайдан тилейм. Кыргызстандык аялдарды, курдаштарымды 8-март - жаз майрамы менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм.

Кечинде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филормониянын чоң залында 8-март аялдар күнүнө карата Асанкан Жумакматов жетектеген Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын симфониялык оркестринин классикалык музыкадан турган концерттик программасы тартууланды.
XS
SM
MD
LG