Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАР БАЛДАРДЫ САБАКТАН АЛАКСЫТУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкектеги «тармактык оюндар» деген көрнөк илинген «Скайнет» аттуу Интернет-клубда кудайдын куттуу күнү балдар толо. Тестиер балдар бул өңдүү жайлардан компьютердик мушташ оюндарынын ар кандай түрлөрүн ойношот. Аларды оюндан алаксытыш оңой эмес.

Компьютерден көзүн албай бир кыйкырып, бир каткырып виртуалдык согуш талаасына бүт дити менен берилген балдарды караңыз. 6-класста окуган Азамат туулган жери Лейлектен Бишкекке келгенден бери ушул компьютер оюнуна кызыгып алды. Мектепке барбай калса да, күнүнө бир маал Интернет-клубга баш багат. «Мына, карап туруңуз, бир тээп өлтүрөм», деп шашкалактайт. Анын айтымында, өзү ойноп аткан «Тайкен три» деген мушташ эң кызыктуу оюндардын бири. Босогодо кезек күтүп отурган Урмат «Контр Страйк» оюнуна кызыгат экен. «Террорист менен полицейскийди мушташтырасың. Экөөнүн бирөөсү өлүшү керек» дейт.

Бишкекте гана эмес, элет жерине да жайылып бараткан тармактык оюндардын бир сааты 10 сомдон 15 сомго чейин турат. Айрым ата-энелер мынчалык акчаны баласына күн сайын карматса, бул каражат айрымдарынын чөнтөгүнө чак келбейт. Жээнгүл Кадырбекова Бишкектеги №10-мектепте окуган баласына мушташ оюндарын ойноого акча таап берүү кыйынга туруп атканын айтат. «Балам компьютерге барып ойноп келейин деп жан койбойт. Күндө акча сурап тажатчу болду. Мугалимдер сабактан кийин балдардын эмне иш кылып жүргөнүнө кызыгып, ушундай мушташ оюндарга тыюу салса болот эле», дейт Кадырбекова.

Анын айтымында, ата- энеси акча бербеген балдарды мындай Интернет-клубдардын ээлери карызга да ойното беришет. Жээнгүл Кадырбекова сөзүн мындайча улады: «Мына, менин туугандарымдын баласы карызга ойной берип, Интернет-клубга чоң акча карыз болуп калыптыр. Аны кантип төлөйбүз деп апасы сарсанаа болуп жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм».

Бишкектеги №5-улуттук компьютердик гимназиянын мугалимдери окуучулардын бул адаты менен күрөшүп жатышат. Алар кезек менен мектепке жакын Интернет-клубдарда окуучулар мындай оюндарды ойнобосу үчүн кээде күзөткө турушууда. Гимназия директору Турдубек Кубаталиевдин айтымында, мушташ оюндары окуучуларды билим жагынан гана аксатпастан, жаш муунудун аң-сезимин мыкаачылыкка, ташбоордукка калыптандырып жатат. «Ата- энелер арасында мындай оюндар жөнүндө жаңылыш пикирлер бар, - дейт Кубаталиев мырза. – Балам компьютерге барып, аны үйрөнүп атса эмнеси жаман дешет. Алар ошол жерде баласы дене бойду титиреткен кандай мыкаачылык оюндарды ойноп атканын билишпейт».

Билим берүү жана маданият министринин орун басары Турсунбек Бекболотовдун айтымында, учурда Бишкекте тармактык оюндарды ойноткон 300 жакын клуб бар. Алар өспүрүмдөрдүн сабактан бош учурда же керек болсо сабактан качып кетип убакыт өткөрчү жайы болуп калганы агартуу системасында иштегендерге да маалым. Бекболотов мырза мындай Интернет-клубдар мектептерден алыс болсо деген пикирде. Билим берүү жана маданият министрлигинин аппарат башчысы Чолпонбек Тиленбаев окуучуларга мушташ оюндарын ойноого атайын мыйзам менен тыюу салуу керек, деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG