Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

ИРАККА КАРШЫ МҮМКҮН БАШТАЛА ТУРГАН СОГУШКА КОШУНА КУВЕЙТ ДАГЫ КАМДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Эгер Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согуш баштаса, Багдад өзүнүн дагы, кошуна Кувейттин да мунай кендерине өрт коюп, аларды иштен чыгарууга аракеттениши мүмкүн. Ошондуктан Кувейт менен АКШ адистери андай кырсыктын алдын алуу үчүн азыртан атайын аракеттерди көрүүдө.

1991-жылдагы согуш учурунда Ирак өкмөтү Кувейттин аймагындагы 700 мунай кенине өрт койгон жана анын кесепети эмгиче сезилүүдө. Бирок анда Ирак Кувейтти басып алган жана өлкөнүн мунай кендери толугу менен анын колунда болчу. Азыр болсо Кувейттин аймагындагы кендерге зыян тийгизүү үчүн, Багдад учактан бомба таштап же ракета атыш керек, бирок Ирактын андай мүмкүнчүлүктөрү азыр бир кыйла чектелүү. Анткен менен, Кувейт өкмөтү бардык мүмкүн боло турган окуяларга даяр болууга аракеттенүүдө жана америкалык жетекчилик дагы ага бул багытта көмөк көрсөтүп жатат.

Кувейттин аймагындагы ал-Бурган кени мунай өндүрүү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат, андан күнүнө бир миллион 200 миң баррел кара май чыгат. Кендин аймагында бир нече мунай иштетүүчү ишкана да бар жана алардын бири эле күнүнө 95 миң баррел мунайды тазалайт. Тазаланган мунай дароо куур аркылуу 20 чакырым алыстыктагы Мина ал-Ахмади портуна жеткирилет жана танкерлер менен эл аралык базарга чыгарылат.

Өндүрүш толугу менен компютерлештирилген жана "Азаттыктын" кабарчысы Рон Синовиц менен маектешкенде, "Кувейт ойл компани" ишканасынын басма сөз катчысы Халид Мухаммед мүмкүн боло турган согуштан өтө деле коркпогонун билдирет: "Өлкөнүн коргоо министрилиги жана башка кызматтар менен биргелешип, биздин компания чукул абалда ишке ашырыла турган атайын план иштеп чыккан. Ирак тараптан мүмкүн боло турган ар бир коркунуч эске алынды. Андай чаралардын кээ бирлери элге белгилүү, айрымдары азырынча жашыруун кармалууда. Ошондуктан биздин компания дагы, 'Кувейт петролеум корпорациясы' да согуштан мүмкүн келип чыга турган бардык маселелерди чечүүгө даяр".

Бирок Ирак өзүнүн аймагындагы мунай кендерине өрт коюп же Перс булуңуна мунай жүктөлгөн танкер чыгарып, аны өрттөп жибериши мүмкүн. Анын алдын алуу үчүн АКШнын чек арачылары азыр Африкадан Пакистанга чейинки деңиз жээгин көзөмөлгө алууда. Ошондуктан, мунай кендерин бутага алган кандайдыр бир орчундуу террор чабуулунун ишке ашырылышы күмөн, бирок бирин-серин андай аракеттер болушу толук ыктымал. Ошол себептен америкалык аскерий тик учмалар азыртан эле Кувейттин бардык мунай кендеринин үстүнөн учуп, абалды тыкан көзөмөлдөөдө.

Бирок согуш башталса, Кувейт өзүнүн Ирак менен чек аралаш аймактарындагы мунай кендерин баары бир жабууга аргасыз болот, анткени ал аймакта кадимки эле согуш болушу мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүк дагы алдын ала ойлонулган жана жабылган мунай кендеринин ордуна өлкөнүн түштүк аймагындагы кендер иштетиле баштайт. Кувейт азыр өндүрө ала турган көлөмдөн алда канча аз өлчөмдөгү мунай чыгарат, анткени ОПЕК уюмунун талабы менен өлкөдө бир күндө өндүрүлгөн мунайдын көлөмү эки миллион 300 миң баррелден ашпаш керек деген чек коюлган.

Анткен менен, башталышы мүмкүн болгон согуштун кесепеттерин азайтуу үчүн алдын ала канча аракет көрүлсө дагы, согуш башталып кетсе, дагы көптөгөн күтүлбөгөн окуялар болушу ыктымал.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG