Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Донор-мамлекеттердин өкүлдөрү Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү менен Бишкекте жолугушат


БИШКЕК. 11-мартта Бишкекте донор-мамлекеттердин Кыргызстандагы өкүлдөрү менен кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу болот. Анда Гармонизация боюнча Рим декларациясынын чечимине ылайык донор-мамлекеттердин Кыргызстандагы ишин кыргыз өкмөтү координациялай тургандыгы маалымдалат жана алардын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча мындан аркы аракеттер туурасында сүйлөшүү жүргүзүлөт. Донор-мамлекеттердин ишмердүүлүгүн гармонизациялоо боюнча ушул жылдын 24-25-февралында Италияда өткөн форумда дүйнөдөгү 16 мамлекетке донорлордун ишмердүүлүгүн координациялоо укугу берилген. КМШ мамлекеттеринин ичинен мындай укукка Кыргызстан гана ээ болгон. Өкмөттүн экономика боюнча вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевден алынган маалыматка караганда, мындай укук Кыргызстанга экономикалык реформаларды жакшы жүргүзгөнү жана демократиялык принциптерди бекем тутунганы үчүн берилди.

XS
SM
MD
LG