- Украинада жашап жаткан биздин боордоштор туурасында айтып берсеңиз. Алардын саны канча? Кандай жашап жатышат?
Гани Асаналиев: - Украинада 250дөй кыргыз бар. Айрымдары Союздун убагында келген, кай бирлери кийин келген. Окуп жүрүп,ошо бойдон кетпей калган, согуш убагынан калган үч-төрт киши бар.Алар Украинанын ар кайсы жеринде жашашат.
- Алардын ич ара ымаласы барбы же жалгыздап жашашабы?
Г. А.: - Биз Киевдеги кыргыздар менен кезигип турабыз. Баш калаада 25тей кыргыз бар. Майрам сайын,а кээде жөн убактарда деле кабарлашып,сүйлөшүп турабыз. Кыргыздардын өзүнчө түзүлгөн уюму жок. Азыр ошондой бир уюм түзөлү деп аракет кылып жатабыз. Балким, жакынкы арада ойлогон ой ишке ашып калышы мүмкүн.Бирок буга дейре эле кыргыздар элчиликке келип, керектүү маалыматтарды алып кетип жүрүшөт.Гезит-журналга,китептерге кызыгып,келип-кетип турушат.
- Гани мырза, өзүңүз билесиз, илгери совет тушунда Кыргызстандан сүрүлүп кеткен бай кыргыздар тукуму азыр да бар чыгар. Кай бирлери Кыргызстанга барып,жакшы кызматтарда жүрүшкөн эле. Ушул багытта кеп сала кетсеңиз?
Г. А.: - Отузунчу жылдары сүргүн болуп келген кыргыздардан азыр да бар.Бирок эски муундагылардын көбү көзү өтүп кеткен.Алардын балдарынын көпчүлүгү Кыргызстанга көчүп кетишиптир. Алардын асты, мисал үчүн, биздин аксакалыбыз,мына - Асанкан Жумакматов, ал киши ушул жерде төрөлүп,чоңоюп кеткен экен. А киши азыр сексенге барып калды. Андан кийинки тукумдарынын дайыны жок. Кыргызстандан келип,аларды издеп табабыз, байланыш түзөбүз деп аракет кылгандар жок.Элчиликке ушундай өтүнүч менен кайрылгандар болгон жок.
- Украинада жашап жаткан кыргыздар көбүнчө кайсы тармактарда эмгектенишет экен? Ишмерлерби же окууда жүргөндөрбү? Болбосо кара жумуш менен алпурушуп жүрүшөбү?
Г. А.: -Негизинен украиналык жогорку окуу жайларын бүтүрүп,турмушка чыгып же колукту алып калып калгандар.Баары жогорку билимдүү. Ар кимиси азыркы шартка жараша ар кайсы жерде турушат.Кээси бизнеске аралашып жүрөт. Интеллигенция арасында жазуучу болуп кеткендери бар,журналист болуп жүргөндөрү бар.
- Биздин боордоштор менен украиндер ортосунда мамиле кандай? Кодулоо жокпу?
Г. А.: - Бул жерде бирөөнү кодулап же бирөөгө жаман сөз айткан учурду жолуктура элекпиз. Бул жерде андай проблема жок болууга тийиш.
- Орусияда скинхед дегендер,улутчулдар чыгып,кыргыздарды гана эмес,өңү оруска окшобогондорду кыйкымдап,кээде токмоктоп койгон учурлар болуп жатат,мындай көрүнүш жок деңизчи?!
Г. А.: - Бул эми жалпы орустар алган багыт болбосо керек. Ар бир элден андайлар чыгат тура.
- Биздин боордоштор арасынан марып-байып кеткендери барбы же көп көргөндү көрүп, жалпы элдин эле деңгээлинде жашап атышабы?
Г. А.: - Жалпы элдин эле деңгээлинде…