Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Шералы Акботоевдин апелляциялык арызын Баткен облустук соту карай баштады


БАТКЕН. Баткен облустук соту 1999-жылы чет өлкөлүк мыйзамсыз куралдуу топко кирип кеткени үчүн Баткен райондук соту тарабынан 25 жылга кесилген Шералы Акботоевдин апелляциялык арызын карай баштады. Сот иши Ш.Акботоевдин оор жазага макул эместигин жана жазасын жеңилдетип берүүнү өтүнгөнүн угузуу менен башталды. Акботоевдин адвокаты Зина Сатыбаева айыпталуучунун «Өзбекстан ислам кыймылынын» катарына өз эрки менен барбаганын, аны бийлик өкүлдөрү жөнөткөнүн эске алып, жазасын жеңилдетип берүүнү жана үй-мүлкүн конфискациялабоону өтүнгөн, Карабак айылынын 107 тургуну кол койгон өтүнүч катты соттук коллегияга тапшырды. Андан соң соттук териштирүү башталды. Шералы Акботоев мурдагыдай эле өздөрүн «Өзбекстан ислам кыймылы» деп атаган куралчан топ 1999-жылы Баткен облусунун аймагына кол салып, Баткен районунун ошол кездеги акими Абдрахман Маматалиев баштаган 5 кишини барымтага алган учурда, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аларды бошотуш үчүн сүйлөшүүгө жөнөткөнүн, бирок аны тигилер коркутуп алып калганын, ошол бойдон айласыздан алардын катарына кошулганын билдирди. Иштин жүрүшүнө караганда, сот жараяны дагы 2-3 күнгө созулчудай.

XS
SM
MD
LG