Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Түштүк Кореянын президенти АКШ менен өз өлкөсүнүн альянсы чыңдалыш керек деп эсептейт


Но Му Хен бул тууралуу Түштүк Кореянын аскердик академиясында сүйлөгөн учурунда айтты. Ошондой эле ал өз сөзүндө Түштүк Кореядагы америкалык аскерлерди кайтадан жайгаштыруу мүмкүн экенин белгиледи. Но Му Хендин айтымында, америкалык аскерлерди кайтадан жайгаштыруу планы – жаңы идея эмес. Ал эми АКШ менен Түштүк Кореянын тарыхый союзу мурдагыдан да чыңдалышы керек. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд өткөн аптада америкалык аскерлер Түштүк Кореядан чыгарылышы ыктымал экенин билдирген эле. Жогорудагыдай билдирүүлөр соңку бир нече айдан бери Түштүк Кореянын коңшусу - Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан кризис уланып жаткан кезде айтылууда. Кошмо Штаттары Түндүк Кореяга анын аскерий учактары ушул айдын башында, эл аралык аба мейкиндигинде америкалык чалгынчы учактын жолун тосуп, камалаганы үчүн расмий нааразылык жолдоду.

XS
SM
MD
LG