ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облусундагы «Справедливость» укук коргоо уюму облустук ички иштер башкармалыгына кайрылды. Уюмдун «Право для всех» аттуу басылмасында Раиса Назарованын «Милиционерби, же териштирүүчүбү?» деген макаласы жарыялангандан кийин өзүн «Алабука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеримин» деп тааныштырган адам Назарованын «Эгидешанс» аттуу коомдук фондун 3 жолу текшерген. Төртүнчүсүндө өкмөттүн былтыр президенттин указы менен 25-майда жоюлган, басма иштери боюнча токтомуна байланыштуу маалыматты талап кылган. «Справедливость» уюму муну сөз эркиндигин чектөө катары баалай турганын билдирди. Ал, ошондой эле, уюмдун өкүлдөрү адам укугун коргоо программасын аткаруу жаатында иштээрин эскертип, бул фактыны териштирүүнү ички иштер башкармалыгынан өтүндү.
Жалалабаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму облустук ички иштер башкармалыгына кайрылды