Өкмөт башчысы Николай Танаевдин айтымында өткөн жылы Кыргызстандын экономикасында бир катар өсүштөр болду:
- Баарыдан мурда макроэкономиканы турукташтыруу тенденциясы калыптангандыгын баса белгилейм, - деди премьер-министр. - Бул тенденцияны инфляция көлөмү 2001-жылга караганда 1,4% төмөндөп, 2,1% түзгөндүгү көрсөтүп турат. Ошондой эле сомдун долларга карата туруктуулугу сакталып, өткөн жылда акча массасынын көлөмү 32% жогорулады. Бул өз кезегинде жаңыдан берилип жаткан кредиттердин үстөгүн 6,2% төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди жана ишкерлердин кредит алышына жакшы жол ачты.
Николай Танаевдин айтымында, экономикалык мындай көрсөткүчтөргө жетишүүгө экспорттун көлөмүн 2002-2004-жылдарда көбөйтүү боюнча программанын алкагында жүргүзүлгөн иштер башкы өбөлгө болду:
- Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды экспортко чыгарыш үчүн Ооганстанда, Беларуста, Москвада, Орусиянын Сибирь жана Борбордук аймактарында Кыргызстандын соода өкүлчүлүктөрү ачылды. Азыр мындай өкүлчүлүктөрдү Казакстан менен Кытайда ачуу маселеси чечилип жатат. 2002-жылы Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14% өсүп, 1 миллиард 75 миллион долларды түздү. Мында экспорттун көлөмү 2,5% көбөйдү, импорттун көлөмү болсо 25, 6% өстү. Импорттун көлөмү мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында жабдууларды сатып алуунун негизинде өскөн.
Бирок, Н. Танаевдин айтымында, 2002-жылдын экинчи жарымында экономиканын өсүшү басаңдады. Ага «Кумтөр» алтын кениндеги авария жана коңшу мамлекеттердин электр энергиясын сатып алууну азайтышканы башкы себеп болду. Натыйжада ички дүң продуктунун өсүшү 3, 1% түзүп, индикативдик планда белгиленген көрсөткүч аткарылган жок. Анткен менен Николай Танаев өлкөнүн экономикалык абалын жакшы деп баалады.
Өкмөт башчынын бул маалыматы депутаттарды алымсындырган жок. Алар муну Николай Танаевге суроо берген учурда баса белгилешип, өкмөт өзү кабыл алган токтомдорун аткарбай, айтылган сын-пикирлерен жана сунуштардан эч майнап чыгарбай жаткандыгын айтышты. Алардын бири депутат Валерий Диль өкмөттүн отчету чыныгы абалды терең иликтебеген, өзүн-өзү алдамай отчет экендигин билдирди:
- Менин оюмча премьер-министр өкмөттүн ишине сын көз менен караган эмес. Бул бизди таң калтырат. Анткени, проблеманы чечүүдөн мурун аны ачык айтыш керек. Бүгүнкү отчетто андай проблемалар ачык айтылган жок. Өкмөт бул боюнча жакшы иштеген жери жок. Өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруу жоопкерчилиги төмөн. Маселен, Кыргызстанда жардылыкты жоюу боюнча эң сонун программа иштелип чыккан. Аны бардык эл аралык институттар жакшы баалап кабыл алышты. Бирок ал аткарылган жери жок. Отчетто мына ушул программанын эмне үчүн аткарылбай жаткандыгынын себептери иликтенип, айтылышы керек эле.
Ал эми бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкулов «өкмөттүн башкы кемчилиги - көмүскө экономикага тоскоолдук кыла албай жаткандыгында» деген ойдо:
- Бул салыктан качуудан, аткезчиликтен, күйүүчү-майлоочу майдын толук эсепке алынбай келип сатылышынын, миллиондогон акчаларды айлантып иш жасаган адамдардын мамлекетке бир тыйын салык төлөбөй жаткандыгынан улам ушундай болууда. Айткан сөздөрүн ишке ашырсын да, айтып, кагазга жазып, токтом кабыл алып эле тим койбостон ошону аткарсын да! Токтоп калбасын да!
Анткен менен Эл өкүлдөр жыйыны өкмөттүн ишин «канааттандырарлык» деп баалап, Николай Танаевдин отчетун жактырды.