Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

АКАЕВДИН ТАРЫХЧЫЛЫГЫ, ЖАРДЫЛЫККА НААЛАТ, ПРЕЗИДЕНТТИН БИЛДИРҮҮСҮ


Кыргыз басылмаларында президент А. Акаевдин элге, парламентке кайрылуусу, анын кыргыз мамлекеттүүлүгү, «Манас» эпосу тууралуу китеби талкууга алынууда.

Президент Акаевдин парламентке, элге кайрылуусу бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыяланды. Президенттин айтымында, “конституциялык пайдубалдын бекем негизи биздин жакынкы он жыл аралыгындагы эң негизги милдетибизди – өлкөбүз өз бетинче туруктуу өнүгүшүн чечүүгө жагдайды түзөт”. Кыргызстандагы демократия колдоого муктаж экендигине, жаңы түзүлгөн Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши мына ушул милдетти жүзөгө ашыра тургандыгына токтолгон президент “демократия шылуун саясаткөйлөрдүн, делбетап демагогдордун бармак басты, көз кыстысында калууга тийиш эмес”, - деп билдирди.

Президент Акаевдин кедейликти жоюуга арналган улуттук форумда 2000-2001-жылдары Кыргызстанда жармач жашагандардын саны 300 миңге кыскарганын жарыя кылган жайы бар. “Анткени азыркы бийлик мурдагы бийлик бербегендин баарын берди”,- деп жазат Галина Лунева “Ийгиликтин желаргысы кайдан согуп атат” деген макаласында. Көз карандысыз “Эксперт” агенттигинин социологиялык иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып, автор республика калкынын 60% жакыны жетиштүү турмушта жашайт деген бүтүмгө келген. Кыргызстан айыл чарбага ыктаган өлкө, ошондон ири дыйкан чарбаларынан кошумча нарк салыгын алуу туура экендигине Тамара Слащева “НДС: шайтан анча деле коркунучтуу эмес” деген макаласында токтолгон.

Он бир жылдан бери президент парламент, элге кайрылып келатканына, бирок аны уккан адам аз экенине бейшембидеги “Моя столица” гезитинде Рина Приживойт токтолгон. “Өзгөрүлгөн бийлик бутактарынын ишин жөнгө салыш үчүн эми толгон мыйзамдарды оңдоп, түзөп чыгыш керек экен,- деп жазат макала автору.- Көп акча керектелет. Анткен менен баарына жумуш табылат: бири мыйзам оңдойт, экинчилери сырттан акча издейт, үчүнчүсү жаңы стратегияны ойлонот».

Журналист Вячеслав Тимирбаевдин “Мактанчу жөнүбүз барбы?” деген макаласы бийлик башчылары санаган ийгиликтер иш жүзүндө ырасталбай жатканын талдоого арналган. Автордун айтымында, өлкөдө мыйзам иштебесе жүздөгөн сестүү буйруктарды, жарлыктарды чыгарып, инвестициялык матрицаларды тындырбай жарыялагандан эч нерсе өзгөрбөйт.

«Республика» гезитинин бейшемби күнкү санында жазуучу Орозобек Айтымбеттин «Акаев кыргыздын тарыхын билбейт го..? же ажонун «конспектилери» туурасында учкай сөз» аттуу сын макаласы жарыяланды. А. Акаевдин кыргыз мамлекеттиги тарыхы менен «Манас» эпосуна арналган китебине Орозобек Айтымбет мындай баа берет: «Менин баамымда, автор тээ Тан доорундагы кытай борбору кайсыл шаар болгондугун таптакыр эле билбейт. Мына ушунун кесепетинен ал азыркы Пекинди тээ Тан заманындагы кытайлардын борбору катары түшүнүп: «Пекинде чоң тынчсыздануу жараткан», «Пекинде эзелки кыргыздарга эзелтен ызаат менен карашкан»… деп жаза берет». Орозобек Айтымбеттин пикири боюнча, кошуна жашаган көчмөн урууларды бири-бирине каршы тукуруп, чагымчыл саясатты жүргүзүп келген «кытайды абдан калыс, кеңпейил, дипломат, кыргыздарга союздаш өлкө катары көрсөтүү» аракети орто кылымдардагы кытай тарыхын дурус билбегендиктин натыйжасы. Орозобек Айтымбет тарыхты «жасалмалап, бүгүнкү саясатка тууралап, кийинки урпактарга оңдоп-түзөп түшүндүрүүгө эч кимдин акысы жок», дейт.

Жума күнү сатыкка түшчү «Агым» гезитинде Карамат Токтобаеванын «Алматыда деле Бишкектин арманы» аттуу макаласы басууга даярдалууда. Анда Казакстан президенти Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн бизнеси, бийликтин оппозицияга кысымы, кыргыз жарандарын казак милициясы кантип тоноп атканы баяндалган.

««Кылым соодасына» айланган «Кумтөр» алтын кени канадалыктарга белекке берилиши мүмкүнбү?» деген суроонун айланасында журналист Нургазы Анаркулов ой жүгүрткөн. Анын макаласы жума күнкү «Аалам» гезитинде жарыяланмакчы.

Президенттин парламентке, элге кайрылуусу жума күнү чыкчу «Общественный рейтинг», бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезиттеринде да талдоого алынды.
XS
SM
MD
LG