Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

ИРАК: ТАЛАШТАР ТАМАМ БОЛО ЭЛЕК


БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирак маселеси боюнча талкуулар уланып жатат. Кеңеш мүчөлөрү бейшемби күнкү консультацияларда да орток пикир таба алышкан жок. Резолюция боюнча жума күнгө белгиленген добуш берүү кийинкиге калтырылды.

13-март күнкү талкууларда Британиянын “алты талабы” каралып, бир катар өлкөнүн өкүлдөрү аларды четке кагышты. Немец канцлери Герхард Шрөдер Германия Франция, Россия, Кытай жана Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү сыяктуу эле Иракты тынч жол менен куралсыздандырууга болот деген ишенимде экенин дагы бир жолу эскертти. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен ырасмий Париж Иракка ультиматум койууга каршы экендигин, күч колдонууну караган резолюцияга вето койоорун айтып, Франция кризисти чечүүдө инспекция ишин эң ылайыктуу жол деп эсептей тургандыгын белгиледи. АКШнын өкүлү Ари Флейшер Париждин мындай позициясын:”Франция Ирак эч нерсе дей электе эле Лондондун сунуштарын четке какты. Бул жүйөөсүз вето”,-деп айыптады. Ошол эле күнү Чилинин тышкы иштер министри Соледад Альвеар АКШнын резолюциясына каршы добуш берээрин жарыялады. Ал эми Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов Британиянын сунуштарын “конструктивдүү эмес” деп баалады.

Окуялардын ушундай оролдо өнүгүшүнө байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл бейшемби күнү кечинде Конгресстин комитеттеринин биринде сүйлөгөн сөзүндө: “Азыр эки вариант тең кала берүүдө - же резолюцияны добушка коюп, башкалардын позициясын байкап көрөбүз, же аны добушка салгандан баш тартабыз. Бирок болгон варианттардын баарын биз бүгүн-эртең, дем алыштан кийин да карап көрөбүз”,- деп билдирди.

Ройтерс маалымат агенттигинин кабарына ылайык, АКШнын БУУдагы өкүлү Жон Негропонте жана британдык элчи Жереми Гриинсток экинчи резолюцияны добушка койууну кийинкиге калтыруу жөнүндө чечимге келишти. Президент Буш жана мамлекеттик катчы Пауэлл колдоо табуу аракетинде бейшемби күнү телефон аркылуу бир катар мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүштү. Буш Пакистан, Чили жана Мексика лидерлери менен байланышты. Ал ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин менен резолюция маселесин талкуулады. Ошол эле күнү АКШнын Москвадагы элчиси Александр Вершбоу “Известия” гезитинде жарыяланган интервьюсунда: “Россия резолюцияга вето койсо - бул эки өлкө ортосундагы алакаларга залака тийгизиши мүмкүн”, - деп белгиледи.

Ак Үйдүн атын атабаган өкүлү болсо дем алыш күндөрү АКШнын президенти Жорж Буш, британ премьери Тони Блэр жана Испаниянын премьер-министри Хосе Аснардын катышуусу менен үч тараптуу сүйлөшүүлөр өтө тургандыгын айтты. Жолугушуу учурунда тараптар мындан аркы саясий жана аскерий стратегияны иштеп чыгышат деп күтүлүүдө.

Анын аралыгында эксперттер АКШ БУУнун мандатысыз Иракка каршы согуш ачса Уюмдун Хартиясы бузулабы? - деген маселени талкуулап жатышат. Алардын кээ бирлери согуш ачканга мыйзамдык негиз бар, анткени Ирак куралсыздануу жөнүндөгү БУУнун мындан мурунку резолюцияларын бузган деп эсептешет. Экинчилери болсо Уюмдун катчысы Коффи Аннандын: “Устав боюнча башка өлкөгө күч колдонуу өзүн коргоо зарыл болгондо, же Коопсуздук Кенешинин макулдугу менен уруксат берилет”, - деген эскертүүсүнө кошулат.

Бул - эксперттердин пикирлери. Ал эми Американын карапайым калкы согуш жөнүндө эмне деп ойлойт? Аналитиктер элдин пикири улам өзгөрүп турганын айтышат. Бирок соңку сурамжылоолор согуш аракеттерин колдогондордун саны өскөндүгүн көрсөтүүдө. Мындан бир ай мурда жүргүзүлгөн сурамжылоодо БУУ Ирак кризисин чечүүдө жакшы аракеттенүүдө деп респонденттердин жарымы жооп берген, азыр болсо Бириккен Улуттарды колдогондордун саны 8 процентке азайыптыр. Башка бир сурамжылоо боюнча, элдин 44 проценти Америка согуш чарасын башташы керек деп эсептейт. Өткөн аптада алардын саны – 35 процентти түзгөн. Эл аралык инспекция өз ишин улантыш керек деп өткөн жумада респонденттердин 60 проценти жооп берсе, соңку сурамжылоодо алардын саны 52 процент болду.

XS
SM
MD
LG