Грекиянын борбору Афин шаарында 14-март күнү Европа Биримдигинин коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны башталды. Жыйында негизинен коопсуздук маселелери жана ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралат. Мурда кабыл алынган чечимдер боюнча, биргелешкен андай күчтөр 60 миң аскерден турууга тийиш. Андан тышкары, Биримдиктин тышкы саясатын аныктаган Хавье Солана менен НАТО уюмунун баш катчысы Жорж Робертсон 14-мартта атайын кызматташуу келишимине кол коюшту. Ал келишим боюнча, НАТО менен Европа Биримдиги жашыруун маалыматтар менен туруктуу түрдө алмашып турмакчы.