Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирак маселесин талкуулоону улантууда


Бириккен Улуттар Уюмунда Ирак маселеси боюнча талкуу кызуу жүрүп жатат. АКШ, Испания, Улуу Британия мурда жасаган сунуш боюнча, чечим үстүбүздөгү аптада кабыл алыныш керек болчу. Бирок Багдадка каршы согуш баштоону колдогон резолюциянын жактырылышына Орусия менен Франция каршы чыккандыктан, АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 13-мартта жаңы билдирүү жасады: "Бизде ар башка мүмкүнчүлүктөр бар: ал резолюция долбоорун колго салуу жана Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн ал тууралуу пикирлерин угуу же аны колго салбай койо туруу. Биздин алдыбызда бардык мүмкүнчүлүктөр бар жана биз аларды бүгүн, эртең, дем алыш күндөрү да караш керекпиз". Коопсуздук Кеңешиндеги талкуу уланууда, АКШ, Испания жана Британиянын жетекчилери болсо дем алыш күндөрү атайын жыйын өткөрүүгө камданууда.

XS
SM
MD
LG