БИШКЕК. 17-мартта Бишкектеги Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы эски аянтта Аксы окуясында курман болгон жарандардын арбагына арналып куран окутулат. Жалпы кыргыз элине бул туурасында «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы, «Интербилим», Жарандык лидерлер форуму жана башка бейөкмөт уюмдар жарыя кылышты. «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын басма сөз катчысы, «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын маалыматына караганда, бул күнү эч кандай саясий акция өткөрүлбөйт, болгону Аксы окуясында курман болгон жарандарды эскерип, куран окутулат. «Ошондуктан мындай иш-чаранын уюштуруучулары бийликке уруксат сурап кайрылган жокпуз», - деп кошумчалады Замира Сыдыкова. Анын айтымында, иш-чарага Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттары, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, өлкөнүн жер-жерлеринен келген жарандар катышат. 2002-жылы Жалалабад облусунун Аксы районунда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы митингге чыккандар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон. Кагылышууда алты киши каза таап, бир нече адам жарадар болгон.