Өзбекстанга келип кеткен Бириккен Улуттардын өкүлү Бертран Рамшаран 15-мартта атайын жарыя жасап, өлкө жетекчилиги ага жарандарды кыйноону токтотобуз деп убада кылгандыгы жөнүндө жарыялады. Өзбекстандагы адам укуктарынын бузулушу бардык эл аралык уюмдар тарабынан сынга алынып келет. Өлкөнүн тартип коргоо уюмдары кармалган адамдардын башына полиэтилен пакет кийгизип, аларга каршы электр тогу пайдаланып, уруп-сабайт. Рамшаран - Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча комиссарынын орун басары. Ал Өзбекстанда үч күн иш сапарда болду.