Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Кытай төрагасы болуп Ху Цзинтао шайланды


Кытай парламенти 15-мартта өлкөнүн төрагасы кылып Ху Цзинтаону шайлады. Ноябр айында өткөн Кытайдын коммунисттик партиясынын курултайында Ху Цзян Цземиндин ордуна партия жетекчиси болуп шайланган жана эми Цзяндын ордуна өлкө башчысы да болду. 60 жаштагы Ху Цзинтаого эч ким атаандаш болгон жок. Анткен менен Цзян өлкөнүн Борбордук аскерий комитетинин төрагасы бойдон калды. Мурда Мао Цзедун жана Дэн Сяопин дагы жогорку мамлекеттик кызматтардан кеткенден кийин, аскерий комитетти жетектеп өлкөнү башкарган.

XS
SM
MD
LG