Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

ОПЕК УЮМУ МУНАЙ ӨНДҮРҮҮНҮ АЗЫРЫНЧА КӨБӨЙТПӨЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) 11-мартта Вена шаарында жыйын өткөрүп, баалардын өскөнүнө карабай, мунай өндүрүүнү азырынча жогорулатпоо тууралуу чечим кабыл алды.

ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөр дүйнөдө өндүрүлгөн мунайдын үчтөн бирин көзөмөлдөйт. Уюм 1960-жылы мунайдын эл аралык бааларын жөнгө салуу үчүн түзүлгөн жана ан үчүн ар бир мүчө өлкөгө мунай өндүрүү боюнча чек коюлган. Мисал үчүн, Венесуэла уюмдун ичинде эң көп мунай экспорттогон өлкө. Анын бир күндүк квотасы эки жарым миллион баррел. Бир баррел - бир челек мунай.

Иракка каршы согуш даярдалып жаткан учурда мунайдын эл аралык наркы акыркы 12 жылдын ичиндеги эң жогорку деңгээлге жетти. Азыр бир баррелдин баасы 40 доллардын тегерегинде. Мындан бир жыл мурда болсо бир баррел 25 доллар турган. Эгер согуш башталса, Ирак жана анын кошунасы Кувейттеги мунай өндүрүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн, ошондуктан керектөөчүлөр мунайды азыртан көбүрөөк сатып ала баштагандыктан, анын баасы көтөрүлүп жатат.

Ошол себептен ОПЕКке мүчө кээ бир мамлекеттер мунай квоталарын көбөйтүүнү сунуш кылган. Бирок ага уюмдун жетекчилиги дагы, анын негизги мүчөлөрүнүн бири Иран да каршы чыкты. Алардын айтымында, биринчиден, квоталардын көбөйтүлүшү согуш чындап эле баштала турганын кыйыр түрдө далилдемек. Экинчиден, согуш башталса да, ал кыска гана мөөнөткө созулууга тийиш жана мунай өндүрүшү көбөйтүлсө, анын баасы өтө төмөн түшүп кетиши да мүмкүн.

11-март күнү уюмдун Вена шаарында өткөн жыйынында ал квоталарды азыркы деңгээлде калтыруу тууралуу чечим кабыл алды. ОПЕК уюму азыркыдай эле, күнүнө бардыгы болуп 24 жарым миллион баррел мунай өндүрүп турмакчы. Уюм жетекчилеринин айтымында, азыр эл аралык базарда жетиштүү мунай бар жана анын баасы жакын арада ылдый түшүүгө тийиш, анткени күн жылыган сайын, түндүк мамлекеттерде мунай керектөө азаят.

АКШ жетекчилигинин айтымында, Иракка каршы согуш башталса, анын мунай өндүрүшү үзгүлтүккө учурубайт жана мунай экспортунан түшкөн каражат өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн жумшалат. Кошуна Кувейт дагы баштала ары мүмкүн болгон согушка даяр. Өлкө өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн азыр пайдаланбайт жана Ирак менен чек аралаш аймактардагы мунай кендери жабылса, алардын ордуна өлкөнүн түштүгүндөгү кендер иштетиле баштайт.

Анткен менен, эгер согуш башталса, кээ бир шашылыш чаралар да керек болуп калышы толук ыктымал. Мисал үчүн, 1991-жылдагы Перс булуңундагы согуш учурунда "Эл аралык кубат агенттиги" улуттук мунай корлорун ачууга макулдук берген жана көтөрүлүп кеткен мунай баалары андан соң ылдыйлаган. Кипр аралында жайгашкан Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин экономикасы боюнча журналдын редактору Билл Фаррен-Прайстын айтымында, эгер согуштан мунай өндүрүшүнө көп залака тийсе, ошондой чаралар да кайрадан көрүлүшү мүмкүн:

- Эгер согуш башталып, мунай өндүрүшү орчундуу өлчөмдө азайса жана ОПЕК уюму аны жөнгө сала албай калса, ишке 'Эл аралык кубат агенттиги' киришээри мүмкүн. 1991-жылдагы согуш учурунда ал ошенткен жана уюмга мүчө мамлекеттердеги мунай корлору ачылып, мунай тартыштыгы жоюлган.

АКШ жетекчилигинин айтымында, эгер керек болсо ал өлкөдө сакталып жаткан 600 миллион баррел мунайды эл аралык базарга чыгарууга даяр.

XS
SM
MD
LG