БАТКЕН. Бүгүн кайрадан уланган бул сот ишинде соттолуучунун күбө катары чакырылган айылдаштары Абдымалик Төлөнов, Жолдошбай Атамалиев, Абдила Абдувалиев, Тойчу Камаров жана Карабак айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Акжол Мадалиев менен айыл өкмөтүнүн кызматкери Анаркул Темиркулов суралышты. Күбөлөр Ш. Акботоевди Баткендин Зардалы аймагына кол салган «Өзбекстан ислам кыймылына» атайын кызматтын кишилери жөнөткөнүн белгилешти. Сот иши 18-мартта кайрадан уланмакчы.
Баткендин Карабак айылында туулуп-өскөн 41 жаштагы Шерали Акботоев 1999-жылы өздөрүн «Өзбекстан ислам кыймылы» деп атаган куралдуу топ Кыргызстан түштүгүнө кол салган учурда үй-бүлөсү менен кошо алардын катарына кошулуп кеткен. Былтыр жазда Бишкекке алынып келинген «Өзбекстан ислам кыймылынын» мурдагы мүчөсүн Баткен райондук соту өткөн айда 25 жылга эркинен ажыраткан.