Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

КЫРГЫЗСТАНДА ДОЛЛАРДЫН КУРСУ НЕГЕ ТӨМӨНДӨДҮ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү доллардын курсу кескин түшө баштады. Шейшемби күнү эртеӈ менен Бишкектин акча алмаштыруу жайларында 1 доллардын баасы 41-42 сом болду. Бул окуяга түшүндүрмө берген Улуттук Банктын жооптуу кызматкерлери Кыргызстандын экономикасында валюта курсунун өзгөрүшүнө таасир эте турган эч нерсе болбогондугун, доллардын курсунун төмөндөшү Иракта боло турган согушка байланыштуу экендигин айтышты.

Доллардын курсунун төмөндөө тенденциясы мындан 1,5 жыл мурда эле башталган болчу. Ага чейин 1 доллар 49-50 сом турган эле. Кыргызстанга терроризмге каршы күчтөр келип жайгашкандан тартып ал бир жолу кескин өзгөрүп, бир жыл бою 1 доллар 47-48 сомдун тегерегинде болуп келген. «Иракта согуш башталат экен» деген сөз чыккандан бери ал акырындап дагы төмөндөй баштаган. 1 жума мурда анын курсу 45 сомго жеткен. Дүйшөмбү күнү доллардын курсу кескин төмөндөп, шейшемби күнү Бишкектин акча алмаштыруу жайларында «бир доллар 41-42 сомго сатылат» деген жардыктар илинип турду. 18-мартта Улуттук Банктын валюталык жана акча-кредит операциялары боюнча башкармалыктарынын жетекчилери журналисттер үчүн брифинг өткөрүп, Кыргызстандын экономикасында доллардын курсунун төмөндөшүнө себеп боло тургандай эч кандай өзгөрүү болбогонун айтышып, ал негизинен Иракта болот деп күтүлүп жаткан согушка байланыштуу экенин түшүндүрүштү.

- Бул тенденциянын башкы себеби - Ирактагы согушка байланыштуу доллардын абалы дүйнөлүк финансылык рынокто начарлай баштагандыгы. Бул ар кандай кызыл кулактыктын күчөшүнө шарт түзүп атат. Ушундай көрүнүштү биз 17–мартта байкадык. Анткени Америка Кошмо Штаттарынын Иракка каршы активдүү аракети ушул күнгө белгиленди деген сөз болгон болчу, - деди Улуттук Банктын акча-кредит башкармалыгын жетекчиси Гүлзина Исакова.

Г.Исакова доллардын курсунун төмөндөшүн убактылуу көрүнүш катары баалады. Анын айтымында, бир аз убакыттан кийин валюта курстары өзүнүн кадимки чегине кайра келет. Бирок анын айтымында доллардын курсунун кескин өзгөрүшүнүн Ирактагы согушка байланышпаган себеби да бар экен.

- Доллардын курсунун төмөндөп жатышынын дагы бир себеби - коммерциялык банктардын валюта резервдеринин структурасынын балансташпагандыгы. 2003-жылдын башында коммерциялык банктардын акчасынын жалпы суммасында улуттук валютанын үлүшү 23,4 % болсо, 17-мартта ал 13,4% түздү. Коммерциялык банктардын чет өлкөлүк валюта түрүндөгү аласасы бересесинен 115 млн. сомго көптүк кылат, - деди Гүлзина Исакова. Анын сөзүн жөнөкөй тилге которсок, рынокто сом жетишпейт, ал эми доллар көптүк кылат.

Доллардын курсунун кескин төмөндөшү финансы ресурстарын бөлүштүрүүгө алып келээри маалым. Андан акчасын доллар менен кармаган субьектилер уттуруп, сом менен кармагандар утат. Улуттук Банк мындай кескин өзгөрүүлөр болбош үчүн валюталык интервенция жасап турушу зарыл болчу. Бирок бул Улуттук Банкты анча деле тынчсыздандырбаган өӈдүү. Рынокто доллар көп болуп кеткенин көрүп туруп, Ирактагы согуш доллардын күчүн дагы кетирээрин билип туруп Улуттук Банк буга чейин ашыкча долларды азайтыш үчүн чара көргөн эмес. Гүлзина Исакованын айтымында, Улуттук Банк март айына чейин, тескерисинче, рынокко доллар чыгарып турган, март айынан тартып эч кандай операция жүргүзгөн эмес, 17-мартта гана 500 миӈ доллар сатып алган. «Доллардын курсунун төмөндөшүнө Улуттук Банктын тиешеси жок, эгерде кимде-ким долларга ишенип, акчасын доллар менен жыйса, ал өзүнүн иши», - деди Гүлзина Исакова.

XS
SM
MD
LG